Президент Транспорт министрлигине 265 даана жаңы атайын техника тапшырды

Президент Садыр Жапаров Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин түзүмдөрүнө республикалык бюджеттин эсебинен сатып алынган 265 даана жаңы атайын техника тапшырды. Бул тууралуу 17-июлда президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, заманбап самосвалдар, автогрейдерлер, битум ташыган транспорт каражаттары, бульдозерлер, авто бетон аралаштыргычтар, экскаваторлор жана башка техникалар сатып алынган. Президент атайын техникага аяр мамиле жасоого чакырды, анткени «ар бир чакырым жол ар бир кыргызстандык үчүн жаңы мүмкүнчүлүк болуп саналат».

Өлкө башчысы транспорттук-логистикалык инфратүзүмдүн өнүгүүсү өлкөнүн экономикалык жана социалдык өнүгүүсү үчүн терең мааниге ээ экенин белгиледи. Анын айтымында, бул багытка 2026-жылга чейинки Өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук программасында артыкчылык берилген. Белгиленген жылга чейин 700гө жакын атайын техника сатып алуу пландалып жатат.

«Алдыбызга олуттуу максаттарды койгонбуз, ошолорду ишке ашыруу менен көптөгөн ийгиликтерге жетишебиз”, — деди Жапаров.

Мындан тышкары, президент министрлик унаа жол тармагын өнүктүрүү, материалдык-техникалык базасын жаңылоо жана жакшыртуу максаттарына былтыркы жылдан бери республикалык бюджеттен каржылоо алып жатканын билдирди. Алсак, бул максаттарга 5 млрд сом бөлүнгөн. Жапаров буга чейин жол техникасы көбүнесе насыяга же гранттык негизде алынып келингенин белгиледи.

Андан тышкары, быйыл жол-транспорт тармагындагы тармактык долбоорлорду ишке ашырууга бюджеттен 6 млрд сомдон ашык каражат каралган.

Сөзүн аягында Жапаров акыркы 3 жылда республика боюнча миң чакырымдан ашык жол курулуп, оңдоодон өткөнүн билдирди.

Автору: Медина Шамшидинова.