Cоцфонд октябрдан тартып пенсияны кеминде 500 сомго көтөрүүнү пландап жатат

Социалдык фонд 2023-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүн көтөрүүгө 3,9 млрд сом бөлүүгө даяр. Министрлер кабинетинин тиешелүү токтом долбоору 17-июлда коомдук талкууга коюлду.

Ведомство 1-октябрдан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмүн индексациялоо коэффициентин 1,38 өлчөмүндө бекитип, пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүн 38%га, бирок бирок 500 (беш жүз) сомдон кем эмес жана 5000 сомдон жогору эмес көбөйтүүнү сунуштап жатат.

Соцфонддон белгилешкендей, келерки индексациянын жыйынтыгы менен жалпы пенсиялардын орточо өлчөмү 9 413 сомго жетет, бул жогорулатууга чейинки пенсиянын орточо өлчөмүнөн 1728 сомго жогору болот.

Ведомствонун алдын ала эсептөөлөрү боюнча 2023-жылдын 1-октябрына карата пенсионерлердин саны 765,6 миң адамды түзөт.