Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеев ТҮРКСОЙдун алтын медалы менен сыйланды

Шайлообек Дүйшеевге сыйлык тапшыруу учуру. Сүрөт: Султан Раев

Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеев ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун алтын медалы менен сыйланды. Бул маалыматты «Клоопко» 18-июлда аталган уюмдун баш катчысы Султан Раев тастыктады.

Анын айтымында, алтын медаль Дүйшеевге кыргыз адабияты жана түрк маданиятынын өнүгүшүнө чоң салым кошкону үчүн ыйгарылды. Сыйлыкты 17-июлда Раев өзү тапшырды.

ТҮРКСОЙ — 1993-жылы Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Түркмөнстан жана Түркиянын ортосунда түзүлгөн түрк дүйнөсүнүн биринчи кызматташтык уюму. Аталган уюм жыл сайын маданият тармагында эмгеги сиңген ишмерлерге сыйлык тапшырып келет.

Буга чейин уюмдун алтын медалына Кыргыз эл баатыры Тургунбай Садыков, Казак эл акын-жазуучусу Олжас Сулейманов, Казак эл артисти Асаналы Ашимов, Азербайжандын эл жазуучусу Анар, Өзбек эл сүрөтчүсү Акмаль Нур жана Түркмөнстандык скульптор Сарагт Бабаев татыган.

Эл акыны — Шайлообек Дүйшеев

Кыргыз эл акыны, экинчи даражадагы «Манас» орденинин ээси Шайлообек Дүйшеев 73 жашта. Ал Нарын облусундагы Ат-Башы айылында төрөлгөн. 

Анын чыгармачылык жолу 1968-жылдан башталган. 1985-жылы «Аптап» аттуу алгачкы ырлар жыйнагы жарыялаган. Кийин «Кайдыгерлик», «Сүйлөшкөнгө чейинки сөз», «Тайгүлүк», «Арабадагы ыр», «Шамал», «Шакен азган» , «Алтайдын ошол поюзу», «Шам», «Туз», «Эки дөөнүн күрөшү», «Агындылар» , «Кудайдын тоосу кулады» аталышындагы китептери жарык көргөн. 

Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеев «Манас» орденинен тышкары Токтогул Сатылганов атындагы мамлекттик сыйлыктын жана Чыңгыз Айтматов, Байдылда Сарногоев атындагы эл аралык адабий сыйлыктын лауреаты. Ошондой эле ал Нарын облусунун ардактуу атуулу.

Ал эми коомдук ишмер катары бир катар гезиттерде жана журналдарда кабарчы, бөлүм башчы, редактор болуп иштеген. Азыркы тапта «Азаттыктын» Бишкектеги баяндамачысы болуп иштеп келет.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кыргыз эл жазуучусу Султан Раев ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысы болду

Жасалма интеллект кыргыз акын-жазуучуларын мультфильмдин каармандарына айландырды