Кыргыз эл жазуучусу Султан Раев ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысы болду

Кыргыз эл жазуучусу, мамлекеттик ишмер Султан Раев Эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысы болуп дайындалды. Мындай чечим уюмдун 31-мартта Бурса шаарындагы кезексиз жыйынында кабыл алынды. Раевдин талапкерлигин уюмга мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү бир добуштан жактырды.

Раевге чейин бул кызматты Казакстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер жана мурдагы маданият министри Дүйсен Касеинов аркалап келген.

Султан Раев — Кыргыз эл жазуучусу

Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, драматург Султан Раев 63 жашта. Ал Кара-Суу районунун Жоош айылында төрөлгөн.

1984-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган. 1994-жылы АКШнын Канзас университетинин журналистика жана коомдук байланыш факультетинде стажировкадан өтүп келген.

Раев «Кыргызстан маданияты», «Ленинчил жаш» (эгемендик алгандан кийин, «Жаштык жарчысы», «Асаба» болуп өзгөргөн) гезиттеринде кабарчы, бөлүм башчы, башкы редактордун орун басары, «Кыргыз Руху» гезитинде башкы редактор болуп иштеген.

2002-жылы Улуу Британияга чакырылып, ханыша Елизавета IIнин колунан атайын белек алган. Ошол эле жылы Билим берүү жана маданият министринин орун басары кызматына дайындалган. Ал 2005 жана 2013-жылы маданият министри кызматын аркалаган. 2015-жылдан 2020-жылга чейин мурдагы президенттер Алмазбек Атамбаевдин жана Сооронбай Жээнбековдун кеңешчиси болгон.

Ал ошондой эле «Азаттык» радиосунда кабарчы, «Маданиятты жана искусствону колдоо» коомдук фондунда башкы директор, Кыргыз өкмөтүнө караштуу Маданиятты өнүктүрүү мамлекеттик комиссиясында төрага болуп да иштеген.

Султан Раев адабиятка 1987-жылы «Чаң жол» аңгемелер жыйнагы менен келген. 1990-жылы жарык көргөн «Күн кармаган бала» повесттер жана аңгемелер жыйнагы үчүн Бүткүлсоюздук Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты болгон.

Ал «Пусу», «Топон», «Антистандарт», «Жан жаза» сыяктуу китептердин автору. Жазуучунун «Кашар», «Оо, кыздар», «Ханышанын көз жашы», «Илегилек» сыяктуу бир катар драмалары чет өлкөнүн сахналарына да коюлган.

Тема боюнча:

Султан Раев: Адабият бардык өнөрдүн башаты болушу керек