Жасалма интеллект кыргыз акын-жазуучуларын мультфильмдин каармандарына айландырды

«Акбарак» коомдук фонду Midjourney нейротүйүнү аркылуу кыргыз акын-жазуучуларын мультфильмдин каармандарына айландырды.

Сүрөттөрдө кыргыз адабиятынын классик акыны Алыкул Осмонов, Кыргыз эл жазуучулары Түгөлбай Сыдыкбеков, Төлөгөн Касымбеков жана башкалардын мультфильмдин каармандарына окшошконун көрүүгө болот.

Midjourney — бул баяндоо аркылуу сүрөттөрдү түзө алган жана бир нече сүрөттөрдү бириктире алган нейротүйүн. Бул нейротүйүн берилген тапшырма боюнча сүрөттөрдү жасаган бүгүнкү күндөгү эң эле заманбап курал болуп эсептелет.

Буга чейин сүрөтчү Татьяна Зеленская 21-мартта кыргызстандыктарды Нооруз менен майрамы менен куттуктап, улуттук даамдарды Midjourney нейротүйүнү аркылуу каармандарга айландырган. Сүрөттөрдө самса, курут, сары май, айран жана башка улуттук даамдар ага түспөлдөш каармандардын коштоосунда берилген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Сүрөтчү Татьяна Зеленская жасалма интеллект аркылуу улуттук даамдарды каармандарга айландырды

«Манас» эпосунун каармандарынын Midjourney нейротүйүнү чагылдырган таасирдүү сүрөттөрү

Нейротүйүн өткөн доордун маданий ишмерлери тартылган кадрларды түскө салды

Нейрондук тармактар Кыргызстанды кандай элестетет? Сүрөттөрдөн көрүңүз