Президенттин өкүлү: КС ката кетириши мүмкүн, өз чечимин кайра кароого мүмкүнчүлүк берүү керек

Президенттин жана Министрлер кабинетинин Конституциялык соттогу өкүлү Алмазбек Молдобаев Конституциялык соттун чечимдерин кайра кароого жол ачкан мыйзам долбооруна комментарий берди. Аталган документти президенттин администрациясы демилгелеген.

Молдобаевдин айтымында, Конституциялык соттун судьялары да ката кетириши мүмкүн, ошондуктан аларга ада өз чечимдерин кайра карап чыгууга мүмкүнчүлүк берүү керек. Ал Жогорку сотту мисал келтирди. Анын айтымында, Жогорку соттун чечими да акыркы болуп эсептелет, бирок Жазык-процессуалдык кодекси ага жаңы жагдайлар ачылганда чечимин кайра карап чыгууга жол берет.

«Себеби Конституциялык сотто өзүнүн чечимдерин кайра кароого мүмкүнчүлүк болушу керек. [...] Мисалы азыр эч ким кепилдик бере албайт да, соттор да ката кетирет, кээ бирде туура эмес документтер берилет. Биздин элдин укуктарын, соттук коргоого укуктарын коргоо үчүн. [...] Өздөрү [Конституциялык соттун судьялары] эле карайт, эч ким алардын үстүнөн көзөмөлдөбөйт», — деп белгиледи ал, Казакстанда, Өзбекстанда жана Литвада дагы Конституциялык соттордо өз чечимдерин кайра карап чыгууга мүмкүнчүлүктөрү бар экенин кошумчалап.

Президенттин администрациясы 17-июлда «Конституциялык сот жөнүндөгү» конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун жарыялаган. Өзгөртүүлөр аркылуу Конституциялык сотко өз чечимдерин кайра карап чыгууга уруксат берүү сунушталып жатат.

Эгер мыйзам долбоору кабыл алынса, Конституциялык сот өзүнүн чечимин президенттин же Конституциялык соттун төрагасынын сунуштамасы боюнча төмөнкү учурларда кайра карап чыгышы мүмкүн.

Мыйзамдын долбоорунда чечим кандай учурда кайра каралып чыгышы мүмкүн болгон учурлар жазылган. Алсак, ал эгер чечим кабыл алууга негиз болгон Конституциянын ченеми өзгөрсө, чечим чыгаруу учурунда Конституциялык сотко белгисиз болгон, кайрылуу предмети үчүн жаңы олуттуу жагдайлар ачылса жана чечим «Кыргызстандын элинин моралдык жана адеп-ахлактык баалуулуктарына, коомдук аң-сезимине карама-каршы келсе» кайра каралышы мүмкүн.

Колдонуудагы мыйзамга ылайык, Конституциялык соттун чечими акыркы болуп эсептелет жана даттанууга жатпайт.

Конституциялык соттун акыркы чечимдеринин бири матчествого байланыштуу болгон. Ага ылайык, кыргызстандыктар 18 жашка толгондо матчество ала алышат. Бирок бул чечим коомдук резонанс жараткан. УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев ага каршы пикирин билдирип, «[чечимди]ким кабыл алса, ошол жокко чыгарсын!» деп жазган.