Мектеп окуучуларынын окуу дептерлери өлкө ичинде басып чыгарыла баштайт — билим берүү министри

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев эми өлкөнүн баардык окуучулары үчүн окуу дептерлери Орусия жана Өзбекстандан ташылбай, өлкө ичинде басып чыгарыларын билдирди. Бул тууралуу ал 18-июлда 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча отчёт берип жатып айтты

«[Мурун] жылына 15 млн дептер чет жактардан ташылып келчү. Эми өзүбүздөн улуттук баатырлардын, атактуу инсандардын сүрөттөрү тартылган дептерлер өзүбүздөн чыга баштайт. Бул улуттук патриоттук деңгээлди жана улуттук өндүрүштү да көтөрөт», — деди министр. 

Мындан тышкары, Иманалиевдин айтымында, быйыл министрлик Кембридж университети менен окуу китептерин басып чыгаруу боюнча меморандумга кол койгон. Документке ылайык, 600 миң окуу китеби басылып, 1-сентябрда пайдаланууга берилет.

Иманалиев «Өкмөттүк акселераторлор» программасы тууралуу да отчёт берди. Бул программа аркылуу биринчи жарым жылдыктын ичинде үй тибиндеги 33 бала бакча ачылып, дагы 25 бала бакчанын ачылышы пландалууда. Чиновниктин эсеби боюнча, мектепке чейинки билим берүү менен 900 бала камтылган. 

10 бала бакча, министрдин айтымында, Кытай элчилигинин жардамы менен, дагы 15 бала бакча жергиликтүү бизнес коомчулуктун жардамы менен ачылат.