«ПолитКлиника» басылмасы Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев башкы прокурордон бозгун президент Курманбек Бакиевди «актоону суранды» делген кат боюнча толукталган материал жарыялады

Буга чейин басылма макаланы толуктап чыгаруу максатында сайтынан убактылуу өчүргөн болчу

Эмне болгон кат?

«ПолитКлиниканын» сайтынан алынган иллюстративдик сүрөт.

Үстүбүздөгү жылы май айында соцтармактарга Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин атынан башкы прокурор Курманкул Зулушевдин наамына жазылды делген кат тараган.

Катта Шакиев жана «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы өлкөдөгү «министрликтердин, мамлекеттик ведостволордун, соттордун жалпыга жеткиликтүү расмий ресурстарынан Бакиев жөнүндө, анын ар-намысына шек келтирген мүнөздөгү маалыматтарды алып салуу жана таркатууга бөгөт коюу» өтүнүчү келтирилген.

«Жогорку Кеңештин башка депутаттары сыяктуу эле №17 бир мандатуу Аксы шайлоо округунан шайланган депутат катары мага да Жалал-Абад облусунун тургундарынан экс-президент Курманбек Бакиевдин атын калыбына келтирип берүүнү, аны мыйзамдын негизинде реабилитациялоону суранган кайрылуулар көп түшөт», – деп жазылат катта.

5-майда «ПолитКлиника» бул кайрылуу боюнча материал жарыялагандан кийин, эртеси күнү башкы редактор Дилбар Алимова УКМКга суракка чакырылганын айткан.

«ПолитКлиниканын» маалыматына ылайык, көп өтпөй фейк жана тролль болуу ыктымалдуулугу жогору аккаунттар тарабынан басылманы жана Алимованы активдүү каралоо өнөктүгү башталган. Алардын арасында мамлекеттик каналдардын кызматкерлери дагы болгон.

Ал эми Шакиевдин басма сөз катчысы Алтынбек Деркембаев «Клоопко» мындай кайрылуу болбогонун айтып, «айрым топтор чагымчылдык кылып жатат» деп билдирген.

Кийинчерээк УТРК дээрлик 6 мүнөттөн ашык видео материал жарыялап, «ПолитКлиниканы» «фейк маалымат таратууга» айыптаган

Анда парламенттин Документтик камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы Айдай Кудайбергенова «2022-жылы Нурланбек Шакиевдин атынан эч кандай кат жазылбаганын,  документтин жасалма жана чагымчыл мүнөздө экенин ишенимдүү» тастыктаган.

Каттын чоо жайын тактоо аракети

УТРКга маек курган Айдай Кудайбергенова кат тууралуу маалымат берүүгө «укугу жок экенин» айтып, «ПолитКлиниканын» суроолоруна жооп берүүдөн баш тарткан.

Журналисттер Жогорку Кеңештин жалпы бөлүмүнүн адисинен каттын чыгыш номери боюнча кимге катталаганын тактапкөрүүнү чечкен. Адис 6-6651/22 чыгыш номердүү кат депутат Нуржигит Кадырбековдон кесиптеши Азизбек Турсунбаевге жөнөтүлгөнүн айткан. Бирок эки депутат тең өз ара кат алышпаганын белгилешкен.

«ПолитКлиниканын» журналисттери Шакиевге таандык делген каттын бланктык номери боюнча Жогорку Кеңештен кагаздарды ким алганын тактоо аракетинен майнап чыккан эмес.

Депутаттар журналистерге бланктар катар номери менен болуп, аларды эл өкүлдөрүнүн жардамчылары кол коюп гана аларын тастыкташкан.

«Ал депутаттардын жардамчыларынын атында болот. Бир депутаттын атынан бейтааныш бирөө ала албайт. Ар бир бланктын номери аркылуу бизде “Инфодокс” деген документтерди жүгүрткөн система бар. Ошол жерден тапса болот», — деген Дастан Бекешев.

Бийликтин жообу

«ПолитКлиника» Шакиевге таандык делген каттын чыгыш номери жана бланктык кагаздын номерлери боюнча Жогорку Кеңештин аппаратына сурам кат жөнөткөн. Ага парламенттен басма сөз катчысы Жайыл Русланов төмөнкүдөй жооп берген:

«Кат жазылган бланк, каттын чыгыш номери, андагы айтылган жана аягында коюлган кол дагы жасалма экендигин белгилеп, дароо маалымат берилген. Андыктан дагы бир жолу кат толугу менен жасалма экендигин, тараган маалыматтар чындыкка жатпастыгын белгилейм».

Ал эми Башкы прокуратуранын Маалымат жана коомчулук менен байланышуу бөлүмү Нурланбек Шакиевдин атынан мындай мүнөздөгү кат түшпөгөнүн билдирип, каттын аныктыгын тактоо үчүн Жогорку Кеңешке кайрылуу керектигин билдирген

Бирок, журналисттер Жогорку Кеңештен аталган кат боюнча суроолоруна толук жооп ала алышкан эмес.

Ошол себептен басылмадан «Шакиев өзү тууралуу маалыматты жокко чыгарууга укуктуу, маалыматты парламенттин төгүндөгөнү кызыкчылыктар кагылышы катары бааланышы мүмкүн» деп белгилешти.

«ПолитКлиника» бул боюнча Жогорку Кеңеште атайын комиссия түзүлүп, териштирүү жүргүзүлүшү керек деп эсептейт.

ТЕМА БОЮНЧА:

Шакиевдин басма сөз катчысы: Бакиевди реабилитациялоо боюнча кайрылуу болгон эмес