«ПолитКлиника» Шакиев тууралуу материалды сайттан убактылуу алып салды

«ПолитКлиника» басылмасы Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев бозгун президент «Курманбек Бакиевди реабилитациялоону суранды» делген кайрылуу боюнча материалды сайттан убактылуу өчүрдү. Бул тууралуу басылма 8-майда маалымат таратты.

Басылмадан Шакиевге таандык делген кайрылуу боюнча Башкы прокуратурага кат жөнөтүшкөнүн белгилеп, мекемеден жооп келгенде материалды толуктап чыгарууну убадалашты.

Ошондой эле басылма Шакиев өзү тууралуу маалыматты жокко чыгарууга укуктуу экенин белгилеп, маалыматты парламенттин төгүндөгөнү «кызыкчылыктар кагылышы катары бааланышы мүмкүн жана анын аныктыгы боюнча акыркы чекитти койбойт» деп белгилешти.

«Талкууга алынып жаткан бул кат коом үчүн маанилүү болуп саналат, ошондуктан, бул боюнча парламенттик жумушчу комиссия түзүлүп, бардык фракциялардан депутаттар кирип, текшерүү жүргүзүп чыкса ынанымдуу болмок. Андан сырткары, көзөмөлдөөчү орган прокуратура бул боюнча өз баасын бериши керек», — деп белгилешти басылмадан.

«ПолитКлиника» басылмасы буга чейин журналисттик иликтөөлөр боюнча убагында чара көрүлбөсө да, кийинчерээк кылмыш иштери козголгонун белгилеп, бул кат дагы өз баасын алат деген ишенимде.

Буга чейин, 5-майда «ПолитКлиника» басылмасы Шакиев бозгун президент «Курманбек Бакиевдин атын калыбына келтирүүнү жана реабилитациялоону суранды» делген кайрылуу боюнча материал жарыялаган.

Ал эми Шакиевдин басма сөз катчысы Алтынбек Деркембаев «Клоопко» мындай кайрылуу болбогонун айтып, «айрым топтор чагымчылдык кылып жатат» деп билдирген.

Эртеси күнү «ПолитКлиниканын» башкы редактору Дилбар Алимова дал ушул материал боюнча УКМКга суракка чакырылганын айткан.

Негизги беттеги сүрөт «ПолитКлиниканын» сайтынан алынды.

ТЕМА БОЮНЧА:

Шакиевдин басма сөз катчысы: Бакиевди реабилитациялоо боюнча кайрылуу болгон эмес