Шакиевдин басма сөз катчысы: Бакиевди реабилитациялоо боюнча кайрылуу болгон эмес

5-майда «ПолитКлиника» басылмасы Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин бозгун президент Курманбек Бакиевдин атын калыбына келтирип, аны реабилитациялоону суранды делген кайрылуунун сүрөтүн жарыялады.

Ал эми Шакиевдин басма сөз катчысы «Клоопко» мындай кайрылуу болбогонун айтып, «айрым топтор чагымчылдык кылып жатат» деп билдирди.

Эмне болгон кайрылуу?

ЖМКга жарыяланган документте кайрылуу 2022-жылдын 28-апрелинде жазылып, башкы прокурор Куманкул Зулушевге багытталганы көрсөтүлгөн.
Кайрылууда Шакиевдин жана «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын атынан төмөнкүдөй өтүнүч келтирилген:

  • Министрликтердин, мамлекеттик ведостволордун, соттордун жалпыга жеткиликтүү расмий ресурстарынан Бакиев жөнүндө маалыматтарды алып салуу;
  • Маалымат ресурстарында Бакиевдин ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген мүнөздөгү маалыматтарды алып салуу жана таркатылышына бөгөт коюу.

Ошондой эле документте Шакиевдин атынан «Бакиевди мекен үчүн жасаган бардык иштери өлкө тарыхынын өнүгүшүнө салым кошкон чыныгы патриот катары билебиз» деп жазылган.

«Бакиевдин дагы деле реабилитация кылынбай жатканынын негизги себеби — көптөгөн чагымчыл топтордун эмес, өзүнчө бир топтордун колдоосуна ээ болгон адамдык жек көрүүчүлүк. Бакиевдин саясий карьерасынын күтүүсүз аякташы дагы эле анын калкка кызматын түшүрбөй жатканын баса белгилегим келет», — деп белгиленген Шакиевге таандык делген кайрылууда.

Шакиевдин басма сөз катчысы эмне дейт?

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин басма сөз катчысы Алтынбек Деркембаев «Клооко» «Бакиевди реабилитациялоо боюнча» кайрылуу болгон эмес деп билдирди.

«Кечээ күндөн баштап атайын жалган маалымат таратылып жатат. Мындай кат болгон эмес. Парламентте атайын бөлүмдөр бар, документтин чыгыш-кириш номерин каттайт, мындай номердеги, мындай мазмундагы кат таптакыр болбогонун алар тастыкташты», — деди ал.

Деркембаев кайрылуу боюнча «атайын топ иштеп жаткан адамды [Шакиевди] коомчулукка жаман көрсөтүү максатында жалган маалымат таратып жатат» деп белгилеп, мындай аракетти «чагымчылдык» катары баалады.

Ал эми Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан «бүгүн иш күнү эмес» деген жүйө менен маалыматты кийин тактап берүүнү убадалашты.

Курманбек Бакиев 13 жылдан бери Беларуста жашайт — ал 2010-жылы тактан кулатылгандан кийин үй-бүлөсү менен Минск шаарына качкан. 2010-жылдын 7-апрелинде нааразычылыкка чыккандарга карата курал колдонулуп, натыйжада Ак үй алдындагы аянтта 80ден ашуун адам курман болгон.

Сот Бакиевди сыртынан 30 жылга эркинен ажыраткан, анын 25 жылын ал күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абагында өткөрүшү керек. Бирок кыргыз бийлигинин аны өлкөгө экстрадициялоо аракетинен майнап чыга элек.

ТЕМА БОЮНЧА:

Видео: Качкын президент Бакиев жана анын уулдары кандай шартта жашап жатышат?

Жапаров: Эгер Бакиевди алып келе турган болсок, анда Дубайда эмес, Бишкекте эле чогултмакпыз