«ПолитКлиниканын» башкы редактору Дилбар Алимова УКМКга суракка чакырылганын билдирди

«ПолитКлиника» басылмасынын башкы редактору Дилбар Алимова УКМКга суракка чакырылганын билдирди. Бул тууралуу ал 6-майда фейсбук барагына жазды.

Алимованын айтымында, атайын кызмат бул боюнча ага расмий кат жөнөткөн эмес, телефон аркылуу чакырышкан.

«“УКМКнын Бекжан деген кызматкеримин” деп бирөө чалды. “Келип кетиңиз, бир-эки сурообузга жооп беришиңиз керек болуп жатат” деп. Мен “расмий түрдө чакырбасаңар барбайм. Тоодо эс алыпжүрөм, 10-майда шаарга барам” десем, “жок, азыр келишиңиз керек. Болбосо барып алып кетебиз, Кой-Ташта жүрөт экенсиз” дейт», — деди ал.

Скриншот: 24.kg басылмасы.

Андан соң Алимова мурдагы билдирүүсүн «жашырып турганын» белгилеп, аны суракка Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин бозгун президент «Курманбек Бакиевди реабилитациялоону суранды» делген кайрылуусу боюнча чакырышканын билдирди. Бул боюнча 5-майда «ПолитКлиника» басылмасы материал жарыялаган.

Ал эми Шакиевдин басма сөз катчысы Алтынбек Деркембаев «Клоопко» мындай кайрылуу болбогонун айтып, «айрым топтор чагымчылдык кылып жатат» деп билдирген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Шакиевдин басма сөз катчысы: Бакиевди реабилитациялоо боюнча кайрылуу болгон эмес