Чек арада курман болгондордун үй-бүлөсүн жана жабыр тарткандарды соцкоргоо жөнүндө мыйзамга кол коюлду

Президент Садыр Жапаров 20-июлда 2021-2022 жылдары Баткен жана Ош облустарындагы куралдуу кагылышта курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан жарандарды социалдык коргоо жөнүндө мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди

Мыйзамды министрлер кабинети демилгелеп, парламент аны 29-июнда кабыл алган. 

Мыйзам 2021-жылдын 28–30-апрелинде Баткен облусунда жана 2022-жылдын 14–17-сентябрында Баткен жана Ош облустарында болгон кагылышта каза тапкан жарандардын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыркаган жарандарга мамлекеттик колдоону камсыздайт. 

Алсак, курман болгон адамдардын балдары жана ата-энелери, ошондой эле жабыр тарткан, майыптыгы бар деп таанылган адамдар буга чейин белгиленген социалдык төлөмдөргө кошумча ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул алышат. Анын өлчөмү Министрлер кабинети тарабынан аныкталат.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда чек ара сызыктары аныктала электиктен чек арага жакын аймактарда утур-утур жаңжалдар чыгып турат — көбүнесе жер, суу талаш жана чек арадан мыйзамсыз кесип өтүүлөрдөн улам.

Акыркы ири жаңжал 2022-жылдын 14-17-сентябрында болгон. Куралдуу кагылыш мамлекеттик чек аранын бардык периметринде жүргөн. Натыйжада 63 кыргызстандык каза таап, дагы 206 адам жарадар болгон.

Тажик бийлиги бул жаңжалда өз тарабынан 41 адам каза таап, 20дан ашык киши жабыркаганын белгилеген. Бирок «Озоди Радиосу» («Азаттык үналгысынын» тажик кызматы) өздүк булактарына таянып, 83 адам каза тапканын жазган.

Автору: Медина Шамшидинова.