Президент «Элдик Курултай жөнүндөгү» мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров 24-июлда «Элдик Курултай жөнүндөгү» конституциялык мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Элдик Курултай эми укуктук макамга ээ экени белгиленди. Жаңы мыйзамда курултайдын ишмердүүлүгүнүн принциптери жана аны өткөрүүнүн тартиби көрсөтүлгөн. Ошондой эле делегаттардын саны, алардын ишинин негизи жана тандоо системасы аныкталган.

Элдик курултай институту 2021-жылдын 5-майында күчүнө кирген Конституцияда коомдук-өкүлчүлүктүү бирикме катары жазылган.

Мыйзамга ылайык, Элдик Курултай 700 делегаттан турат, алар курултайдын жалпы жыйналышын өткөрүү мезгилине гана шайланат.

Биринчи Элдик курултай 2022-жылдын ноябрында өткөн. Курултайды президент Садыр Жапаров атайын жарлыктын негизинде чогулткан, анткени «Элдик Курултай жөнүндөгү» мыйзам долбоорун парламенттин тармактык комитети ага чейин четке каккан болчу.

Юристтер курултайды президент чакыртканын мыйзамсыз деп атап, конституциялык мыйзамысыз өлкө башчысы өзүнүн ыйгарым укуктарын аша чаап жатканын белгилешкен. Анткен менен президенттин администрациясы баары мыйзамдуу экенин айтып ишендирген.

Өткөн жылдын декабрынын аягында депутат Адахан Мадумаров парламенттин «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын атынан Конституциялык сотко кайрылган. Ал ноябрдын аягында өткөн Курултай мыйзамсыз деп атап, эч ким аны өз жарлыгы менен чакырта албайт деген. Фракциянын кайрылуусу 14-августка чейин каралышы керек.

Автору: Медина Шамшидинова