Бир видео менен: Дизайнер «Барби» курчагынын кыргызча версиясын жасады

Дизайнер Аида Сулова Чыңгыз Айтматовдун «Жамиля» повестинин негизинде «Барби» курчагынын кыргызча версиясын жасады. Бул тууралуу сүрөтчү өзүнүн соцтүйүндөгү барагына жазып, видеосун чыгарды.

«Барби Жамиля — менин кыргыз Барбиси жөнүндө фантазиям. Абдан мыкты кыргыз аялдары бар, алардын баарын жасап чыкканга көбүрөөк убакыт жана шартым болсо деп каалайт элем», — деп жазды Сулова.

 

View this post on Instagram

 

A post shared by Aida Sulova (@aidasulova)

Дизайнер Барби Жамиля онлайн дүкөндөрдөн сатып алынган башка курчактардын сынык бөлүктөрүнөн жана уулунун эски кийимдеринен жасалганын кошумчалады.

Андан тышкары, Сулова «талаштуу Барбинин» кийимдери ал үчүн репрезентация сериясындагы Барбини көргөнгө чейин кыйыныраак болгонун кошумчалады. Бул коллекцияда Америка, Африка жана башка байыркы элдердин Барби курчактары чыгарылган.

2023-жылы гендердик теңсиздикти жана аялдардын патриархалдык дүйнөдөгү ордун баяндаган «Барби» аталышындагы тасма прокатка чыккан. Фильм күлгүн түскө боёлгон феминисттик манифест болгон.

Барби дүйнөгө таанымал куурчак. Барбини алгачкы жолу 1959-жылдын 9-мартында Нью-Йоркто өткөн оюнчуктар жарманкесине Mattel компаниясы алып чыккан.