Кыргызстандыктар В жана С гепатитине каршы акысыз текшерилип, эмдөө алса болот

18 жаштан өткөн кыргызстандыктар гепатиттин В жана С түрүнө каршы акысыз текшерүүдөн өтө алат. Бул тууралуу 26-июлда Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунан маалымдашты

Мекемден жарандар текшерүүдөн өтүү үчүн өзү жашаган аймактагы жалпы дарыгерлик практика борборуна же үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна кайрылса болот деп белгилешти.   

«В жана С гепатитине жыйынтык терс болуп чыккан 23 жаштан өйдө курактагыларга акысыз эмдөө жасалат. Ал эми гепатит аныкталгандар акысыз дарылануу үчүн каттоодон өтүп, бардык медициналык изилдөөлөрдүн жыйынтыктыгын бериши керек», — деп жазылган билдирүүдө.

Ошондой эле, Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору текшерүүдөн өтүү үчүн атайын даярдыктын кереги жок, болгону кан анализин берүүгө ачкарын баруу керек экенин кошумчалашты.  

29-майда Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти 2023-жылдын январь-апрель айларында Кыргызстанда вирустук гепатит оорусун жугузуп алган 1 364 бейтап катталганын билдирген

Гепатит – боордун сезгенишине алып келген жугуштуу оору. Анын А, В, С, Е жана D түрлөрү бар. А түрү эл арасында сарык деген ат менен тараган. Калган эки формасы кан аркылуу жугат. 

Көп учурда өнөкөт вирустук С гепатитинен толугу менен айыгып кетсе болот, дарылоонун узактыгы 3 же 6 айга созулат. Айыгуунун негизги шарты – дарылоонун шарттарын бекем сактап, дарыгердин айткандарын так аткаруу керек.

Өнөкөт В вирустук гепатитинен дарылоо узагыраак болот (бир нече айдан бир нече жылга чейин созулушу ыктымал, балким өмүр бою дарыланууга туура келет). 

ТЕМА БОЮНЧА:

Өлкө боюнча гепатиттин В түрүнө каршы акысыз эмдөө жүрүп жатат

Бишкек: Гепатитке чалдыккандар нааразычылык акциясына чыгышты