Министрлер кабинети Нарын облусундагы Казарман каскад ГЭСин куруу боюнча Кытайдын бир нече компаниясы менен дээрлик 3 млрд долларды түзгөн инвестициялык макулдашууга кол койду. Бул тууралуу 27-июлда минкабдын басма сөз кызматы билдирди.
Макулдашууга «Ысык-Көл 2023» бешинчи Эл аралык экономикалык форумунда РowerChina Northwest Engineering Corporation Ltd, Green Gold Energy (GGE) жана China Railway 20th Bureau Group Co Ltd компаниялары менен кол коюлду.
Казарман каскад ГЭСин Нарын дарыясына куруу көздөлүп жатканы кабарланды. Бийлик каскад 2030-жылы ишке кирет деп ишендирүүдө.
Минкабдын маалыматына ылайык, каскад өзү кубаттуулугу 1160 МВтты түзгөн төрт ГЭСтен турат:
- Кубаттуулугу 600 МВт Ала-Бука;
- Кубаттуулугу 149 МВт Кара-Булуң-1;
- Кубаттуулугу 163 МВт кубаттуу Кара-Булуң-2;
- Кубаттуулугу 248 МВт Тогуз-Торо.
Инвестициянын жалпы баасы болжол менен 2,4-3 млрд доллар деп бааланып жатат. Так суммасы деталдуу долбоорло иштеринин соңунда коюлат.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров аталган инвестициялык макулдашуу Кыргызстандын «тарыхындагы эң ири» деп атады. Анын айтымында, президенттин жетекчилиги астында азыркы тапта көлөмү жагынан буга окшогон ондогон долбоордун үстүндө сүйлөшүүлөр болуп жатат.
«Жакынкы жылда электр энергиясына болгон таңкыстыкты гана толтурбастан, электр жарын экспорттоо менен жылына жүздөгөн миллиондорду иштеп табууга мүмкүн болгон кубаттуулукка ишенимдүү жетебиз», — деп кошумчалады Жапаров.
Азыркы тапта Кыргызстандын электр тармагы чоң кризистте турат. Калктын электр энергиясын керектөөсү жылдан-жылга өсүүдө, ал эми өлкө электр энергиясын азырынча көбүрөөк өндүрө албайт.
Бийлик энергетикалык кризистен чыгуу үчүн электр жарыгын коңшу өлкөлөрдөн импорттоп, муну менен катар чакан ГЭСтерди куруу иштерин жүргүзүп жатат. Президент Садыр Жапаровдун айтымында, 2026-жылга чейин бир катар чакан ГЭСтер салынат.
Кыргызстандын энергетика тармагына быйыл 1-августтан тартып 2026-жылдын аягына чейин өзгөчө кырдаал (ӨК) режими кирет. Кол коюлган жарлыкка ылайык, Энергетика министрлигинин ыйгарым укуктарын кеңейтет, анын ичинде энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу үчүн жарактуу жер участокторун аныктоо укугуна ээ болот.
Макаланын автору: Медина Шамшидинова