Ош: Террористтик уюмдун тарапташы «ок дарыларды мыйзамсыз сактоого» шектелип кармалды

Ош облусунда эл аралык террористтик уюмдун тарапташы делген 29 жаштагы киши «ок-дарыларды мыйзамсыз сактоого» шектелип кармалды. Бул тууралуу 27-июлда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Шектүүнүн үйүн тинтүү учурунда эки кол гранатасы, эки кол гранатасынын бириктирилген түзүлүшү, 29 дана ок, эки бычак, бир аскер кийими жана уюлдук телефон, бир флешка, эки диск табылган.

Шектүү жана анын үйүнөн талыган кол гранаталары. Сүрөт: ИИМ

​​​​​​Экспертизанын корутундусуна ылайык, табылган куралдар күжүрмөн ок-дарылар болуп эсептелет. Бул боюнча «Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү» беренеси менен иш козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Териштирүү учурунда кармалган жаран мурда да соттолгону белгилүү болду. ИИМден ал 2021-жылы жазасын өтөп бүтүп, эркиндикке чыкканын белгилешти.

«Ал 2017-жылы эл аралык террористтик уюмдун тарапташы катары куралдуу жаңжалга катышуу үчүн Кыргызстандан Түркия аркылуу Сирияга кеткен. Кийин Түркияга кайра киргенде кармалып, Кыргызстанга депортацияланган», — дешти милициядан.