Иллюстрация DALL-E нейротармагы аркылуу жасалды

Өлкөнүн энергетика тармагындагы каатчылыкка карабай, мамлекет ансыз да таңкыс болуп жаткан электрдин эбегейсиз көлөмүн «Соларкоин» аталышындагы ири майнинг компанияга сатууда. 2023-жылдын май айында эле «Соларкоинге» дээрлик 18 миң мегаватт-саат сатылган. Бул «Кумтөргө» берилген ченем менен барабар. Ал эми Нарын облусунда бир жумага жетмек. «Клооп» кыргызстандыктарга зыян келтирип, өзү майнингден байып аткан ким экенин аныктады.

Кыргызстанда канча майнинг ферма бар экени — жердин түбүнө катылган сыр. Алар көп эмес, өтө эле көп деп айтканга негиз бар. Бирок, Мамфинкөзөмөлдүн маалыматына ылайык, өлкөдө эки гана майнинг компания катталган — «Соларкоин» жана «ВиНЭТ» ЖЧКлары.

«ВиНЭТ» бизнесмен, бир нече чакан ГЭСтин ээси жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Рахатбек Ирсалиевге таандык. Кыргызстанда жеке менчик ГЭСтерде өндүрүлгөн электр энергиясын майнингге пайдаланууга уруксат берилген — бирок майнерлер аны 5,04 сомдон арзан сатып албайт деген шарты бар. Ошондуктан бул компаниянын кандайдыр бир бузуусу байкалбайт.

Ал эми «Соларкоин» электрди «Кыргызстандын Улуттук электр тармактары» ААКнан түз сатып алат, болбосо Улуттук энергохолдинг 2019-жылдын 4-апрелинде №56-б буйругу менен майнинг фермаларга электр энергиясын жалпы тармактан алууга тыюу салган. Улуттук коопсуздук комитети болсо майнерлерди кылмыш жоопкерчилигине тартып, жабдууларын тартып алып, бул буйрукту активдүү аткарып жүргөн.

2023-жылдын февралында «Соларкоин» ири электр энергиясын керектөөчүлөрдүн тизмесине расмий кирген. Ал өлкө боюнча экинчи орунда турат жана айнек чыгарган «Интергласска» караганда электр энергиясын дээрлик жети эсе көп керектейт (биринчи орунда электр энергиясын алып саткан башка бир компания турат).

«Соларкоин» каатчылык кычап турганда мамлекеттик электрди ушунчалык көп өлчөмдө, кандай негизде алып жатат?
«Дагы бир жолу айтам, мамлекеттин электр энергиясы жок»

Энергетика министринин орун басары Талайбек Байгазиев «Клоопко» Улуттук энерхолдингдин мамлекеттик электрди майнерлерге сатууга салган буйругу дагы деле күчүндө экенин бышыктады. Бирок маселен, дейт ал, «Кыргызстандын Улуттук электр тармактары» — жеке ишкана, демек, ошол буйрукту бузган болушу мүмкүн.

«[“Соларкоин” электр энергиясын] мамлекеттен [сатып] албайт, — дейт Байгазиев. — Бул акционердик коом. Улуттук электр тармактары берет [электр энергияны]. Дагы жолу айтам, ал мамлекеттик эмес, ал акционердик коом — башкаруу формасы жеке менчик. Алардын акционерлер чогулушу бар — башкы кол башчысы. Мен дагы бир жолу айтайын, мамлекеттин электр энергиясы жок. Бул жеке менчик башкаруу формасы бар жеке компаниялардын тармагы».

Бул жерде министрдин орун басары анча-мынча бурмалап жатат. Ооба, формалдуу түрдө Улуттук электр тармактар ишканасы — акционердик коом, бирок анын 93,65% акциясы мамлекетке таандык, демек, жеке менчик бизнес түзүмү болуп эсептелбейт. Мындан тышкары, Кыргызстандык Улуттук электр тармактары — республика боюнча электр энергиясын жеткирип жана бөлүштүргөн энергетикалык компания. Анын үстүнө Улуттук электр тармактары ишканасы электр энергиясын ташыган тармак жана түйүндөр мамлекеттики. Ал эми ошол тармак-түйүндөрдөн өткөн электр энергиясы мамлекеттик электр станциялары тарабынан өндүрүлөт. Демек, бул

Кыргызстанда электр энергиясынын жетишсиздиги курч болуп аткан шартта мамлекеттик монополист тармактык компания жетиштүү негиздер жок эле өзүн жеке «соодагер» көрсөтүп, Улуттук энергохолдингдин буйругун бузуп, мамлекеттин электр энергиясын айына ири калктуу конуштун ченемин жеген майнинг гигантына сатып жатат.

Жок дегенде, бул жолу текейден арзан сатпаганы жооткотот: Талайбек Байгазиев «Соларкоинге» киловатт-саттар мындай учурда көрсөтүлгөн эрежеге ылайык 5,04 сомдон берилип жатат, аны документтер деле тастыктап турат деп ишендирди «Клоопту». Бирок анын жооткотуусу, ачыгын айтканда, жүрөк жылытпайт. Себеби өлкөдө электр энергиясы жетишпей, бийлик тургундардын жарыгы жапырт өчүрүлөрүн жар салууда.

Жок дегенде кылайган логика жана адилеттүүлүк издеп, Кыргызстандын улуттук электр тармактар ишканасына чалдык. Себеби ал жерден «Соларкоин» эмненин негизинде темир заводундай болуп, мамлекеттин киловаттары менен криптовалюта куюп жатканын айныгыс кылып негиздеп бере алышат деп ойлогонбуз. Бирок ишкананын басма сөз катчысы Элзада Саргашкаева «Соларкоин» тууралуу суроолорго жооп бергиси келбеди. Ал Кыргызстандын улуттук электр тармактары өлкөдөгү ири керектөөчүлөрдүн бирине электр сатып атабы-жокпу билбесин айтып, кайра чалып коюуну убада кылган. Бирок ошол бойдон дымы чыкпады.

Кыскасы, эгер энергетикалык чиновниктердин реакциясына карасак, мамлекеттин өлкөдө «электр энергиясы» гана эмес, ал кайда жана эмне үчүн кетип атканынан дагы түшүнүгү жок. Бирок чындыгында, албетте, андай эмес: баары тең жакшы билет, бирок түз суроого түз жооп бергенден «үркүшөт» же качышат. Азыр биз анын себебин айтып беребиз.

Карышкырга кой кайтартуу

«Соларкоин» ЖЧКсы 2007-жылы эле Бишкекте каттоодон өткөн, бирок 2023-жылдын январында эмнегедир кайра баштан каттоодон өткөн.
«Соларкоиндин» негиздөөчүлөрү деп «НБТС КейДжи» фирмасы, Татьяна Олеговна Мартынова жана Люй Цзиньчэн, ал эми жетекчиси деп — Айсана Байзаковна Исмаилова жүрөт.

«НБТС КейДжи» The9 Limited деген Кытайдын ири интернет-компаниясына таандык. Компания мындан бир жыл мурда, 2022-жылдын май айында The9 Limited Кыргызстанда майнинг үчүн 31,5 Мегаватт ченемде электр энергиясына ээ болуп, электр берүү чубалгыларына кошулуу үчүн жабдуулары бар трансформаторлорду сатып алганын, ошондой эле станцияларды, курулмаларды, жогорку чыңалуудагы жабдууларды жана жерди пайдаланууга укук алганын билдирген.

Татьяна Мартынова — бир эле учурда эки «чоңдун» бизнес өнөктөшү: «Электр станциялардын» директорлор кеңешинин мүчөсү, Монголиянын Кыргызстандагы ардактуу элчиси Фархат Иминовдун жана «Кыргызстандын улуттук электр мармактары» ишканасынын директорлор кеңешинин мүчөсү Жыргалбек Турускуловдун. Алар менен Мартынова «Ай-элемент», «SFS Development» жана «Метрум КейДжи» компаниялары аркылуу байланышат.

Фархад Иминов менен Айсана Исмаилованын дагы байланышы бар. Ал «Соларкоин» менен катар Иминов директору болуп эсептелген Gewor Trading LLP эл аралык копаниясынын филиалын жетектейт. Ага чейин Исмаилова Инвестициялар министрлигинин бөлүм башчысы болгон.

Бул жерде эң кызыгы, Татьяна Мартынова, Фархат Иминов жана Жыргалбек Турускулов 2015-жылы «Республика — Ата-Журт» партиясынан Жогорку Куңештин депутаттыгына талапкер болушкан. Ал убакта партиянын лидерлери экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов менен учурда УКМКны башкарып жаткан Камчыбек Ташиев болгон. УКМК — энергетиканы керектөө тармагындагы мыйзам бузуулар менен күрөшүшү керек болгон эң каардуу мекемелердин бири.

Схеманы чоңойтуп көрүү үчүн басыңыз.

«Чоң тарифтин чоң акчасы»

«Майнинг фермалар экономикага эч кандай пайда алып келбейт», — деп эсептейт энергетика боюнча эксперт Эрнест Карыбеков. — Ага өндүрүш пайда берет. Эгер биз товар чыгарып, аны керектеп же экспортко чыгарсак, мына ушул экономиканын өсүшүнө таасир этет. Ал эми майнинг ферманын андай таасири жок. Ал бизден ресурсубузду гана сорот. Бул калкты, жалпы эле экономиканы чектеп, [электрди] ошолорго беришет дегендик. Бул нормалдуу саясат эмес».

Энергетика министринин орун басары Байгазиев эксперттин оюна кошулбайт. Ал майнинг компаниялар чоң акча алып келип жатат деп эсептейт.

«Биз азыр электр энергиясын импорт кылып алып келип жатабыз», — деп эске салды “Клоопко” министрдин орун басары. Мына ошол акчалар, чоң тариф боюнча [майнерлердин] чоң акчалары бизге сырттан электр энергиясын сатып алууга жардам болуп жатат. Анткени ички тарифтер чыгымдар менен сатып алуу бааларын жаба албайт».

«Биз» деген ким жана «бизге» дегенде кимге экенин Талайбек Байгазиев тактаган жок. Бирок, контекст боюнча карасак, кеп мамлекет жөнүндө болуп жатат. Демек, министрдин орун басары Кыргызстандын улуттук электр тармактары ишканасы бул жеке компания, электрди кимге сатышты өзү чечет деген сөзүн кайра төгүнгө чыгарып жатат. Себеби, логика боюнча, жеке компания мамлекеттин социалдык чыгымдарын жаппашы керек. Демек, Энергетика министрлиги мамлекеттин электр энергиясын майнинг ферма сатып алышына кызыктар болгон.

Чындыгында тарифтер боюнча да суроолор бар. Азыр Кыргызстан электр энергияны Казакстандан, Түркмөнстандан жана Орусиядан орточо 2,6 сомдон сатып алып жатат. Башкача айтканда, Кыргызстандын улуттук электр тармактары ишканасы электрди майнерлерге сатуудан 2,44 сом айырмага ээ жана анын экономикалык логикасы бар. Бирок дайыма эле андай болгон эмес.

Биз буга чейин айткандай эле, «Соларкоин» электр энергиясына майнерлер үчүн коюлган расмий тариф боюнча төлөп, киловатт-саатын 5,04 сомдон сатып алат. Бирок ал болгону апрелден тартып ушундай бааны төлөп келет. Ал эми апрелге чейин майнинг компания мамлекеттик электр энергия үчүн кандай тариф менен төлөгөнү белгисиз. Мурдараак маалымат каражаттары ири керектөөчүлөр электрди мамлекеттен 2,03 сомдон, ал эми аны кайра майда майнерлерге саткан ортомчулар такыр эле ойго келбеген 22,5 тыйындан сатып алып турганын билдиришкен.

«Соларкоиндин» айланасындагы кыжырды келтирген схема — чиновниктер мамлекеттик электрди элдин кызыкчылыгын уруп ойнобостон, майнерлерге сатууга аракет кылып же сатып жаткан биринчи эле учур эмес. 2022-жылы жазында «Электр станциялар» ишканасы Бишкек ЖЭБдин өзүндө майнинг ферма жайгаштырууга аракет кылышкан. Бул тууралуу жылуулук электр борборунун кызматкерлери митингге чыккандан кийин кеңири белгилүү болгон.

«Клооп» өзүнүн буга чейинки иликтөөсүндө Энергетика министрлиги «Камбар-Ата-2» ГЭСтеги электр энергияны кантип Бакиевдердин кланына байланышкан майнинг компанияга сатканы жатканын айтып берген. Биз фирма электр энергиясын элге ченемден ашык кеткен тарифтен да беш эсе арзан сатып алмактыгын билгенбиз. Энергетика министрлиги биз чыгарган маалыматтардын бышыктыгын тааныганга аргасыз болгон.

Бирок ушундан кийин дагы бийлик элдин бетин тик караган жок. Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдиргендей, кыргызстандыктар үчүн электр жарыгы үчүн тарифтер жыл сайын, инфляцияга жараша өсө берет. Жана анын сунушу менен президент Садыр Жапаров өлкөнүн энергетикасына 2023-жылдын 1-августунан тартып 2026-жылдын аягына чейин электр энергиясы таңкыс болуп аткандыктан өзгөчө кырдаал режимин киргизди. Бул өз кезегинде, жарыктын жапырт өчүрүлүшүнө алып келиши ыктымал.

Мурдараак өкмөт дагы электр энергиясын керектөөгө чектөө киргизген, ал эми таңкыстыктан улам энергетиктер кышында калктын электр жылыткычтарына пломба сала башташкан. Башкача айтканда, тоңосуңарбы же үшүйсүңөрбү баары бир — эң башкысы майнерлердин криптовалюта табуу иши үзгүлтүккө учурабашы керек.

«Тезекти эмитеден камдап алгыла», — деген эле өлкөнүн бозгун президенти Курман Бакиев. Бакиев башкарган убакта электр энергиясын маал-маалы менен өчүрүү жана тарифтерди көтөрүү 2010-жылдагы апрель революцсянын бирден бир себеби болгон эле. Кыязы, ошол каргашалуу окуялар Бакиевдин жолун улап эле тим болбостон, анын бизнес кланы менен бирге ошол жолго түшүп алган азыркы бийликке сабак боло албады окшойт.

 

Авторлору: Арууке Солтоной, Виктор Мухин
Кыргызчалаган: Алмир Алмамбетов