«Пайда түшсүн деп уруксат бердик». Президент майнинг ферма боюнча иликтөөгө жооп берди

Президент Садыр Жапаров Чүйдөгү Кемин шаарынын жогору жагындагы ири майнинг ферма тууралуу иликтөөгө комментарий берди. Өлкө башчысы 28-июлда «Кабар» маалымат агенттигине маек куруп, майнинг ферма курууга бийлик уруксат бергенин тастыктады.

Жапаровдун айтымында, мамлекет электр энергиясын аталган фермага эң кымбат баа менен — 1 кВт/саатын 5 сом 4 тыйындан сатып жатат. Ошондой эле, майнинг ферма 6 айда «480 миллион сом энергетиктерге, 225 миллион сом салыкка» төлөп бергенин белгиледи.

«Кемин подстанциясынын күч кубаты жетет. Экинчиден, жайдын күнү бизде электр энергия толук жетиштүү. Ал түгүл ашып калат. Эч бир жакка сата албайбыз. Ошондуктан энергетика системасына пайда түшсүн деп, басымды көтөрө алчу участокторго уруксат берип жатабыз. Эгер кыштын күнү кыйынчылык келе турган болсо үч ай токтотуп коёбуз. Калган тогуз ай бою иштей беришсин. Энергетика системасына, салык инспекциясына миллиондогон сом таза киреше берет», — деп түшүндүрдү ал.

Жапаров 2010-жылы ишке кирген Камбар-Ата 2 ГЭСинде да майнинг ферманын иштөөсүнө уруксат берилип жатканын белгилеп, бул электр энергиясын жоготуудан арылтуу максатында жасалып жатканын айтты. 

«ГЭС 120 МВт энергия иштеп чыгып келе жатат. Мунун 90 МВтын гана сыртка алып чыга алабыз, аткени өткөрүү мүмкүнчүлүгү 90 гана МВт экен. 13 жылдан бери калган 30 МВты абага сиңип кетип жүрүптүр. 6 миллиард 816 миллион кВт саат энергиядан куру жалак калыптырбыз. Акчалай санап көргөнүбүздө 3 миллиард 275 миллион сом жоготууга учураптырбыз. Бул үчүн буга чейинки шалаакы жетекчилердин баарын жоопко тартса болот. Эмне үчүн 13 жылдан бери 30 МВттан жоготуу болуп атса көңүл бурушкан эмес. Биз ошол жерге 30 МВтка чейинки майнинг ферма койгонго уруксат бердик. Ал майнингти курууга эле 20 миллион доллардын тегерегинде акча кетет. Инвестор салат. Майнинг ферма ишке кирсе мындан ары жоготуу болбойт. Акча энергетиктерге түшөт», — деди өлкө башчысы.

Жапаров Кыргызстан кышында чет өлкөдөн электр энергиясын импорттоодон баш тартып, келечекте электр энергиясын экспорттогон өлкөгө айланат деп кошумчалады.

Мамфинкөзөмөлдүн маалыматына ылайык, Кыргызсанда эки гана майнинг компания катталган — алар «Соларкоин» жана «ВиНЭТ» жоопкерчилиги чектелген коомдору.

Буга чейин «Клооп» мамлекет миллиондогон кВт электр энергиясын аткаминерлерге байланышы бар жеке майнинг фермаларга сатып жатканы тууралуу иликтөө жарыялаган

2023-жылдын май айында эле «Соларкоинге» дээрлик 18 миң мегаватт/саат электр энергиясы сатылган. «Клооп» кыргызстандыктарга зыян келтирип, өзү майнингден байып жаткан ким экенин аныктаган.

Майнинг ферма тууралуу «Клооптун» иликтөөсүн бул жерден окуңуз:

Тезек тергиле. Миллиондогон кВт энергия чиновниктерге байланышы бар майнерлерге сатылууда

Жапаровдун өкмөтү электрди Бакиевдер менен байланышы бар фирмага арзыбаган акчага бергени турат