Ошто 50дөй кайгуул кызматкери жетекчисин кызматтан алууну талап кылып акцияга чыкты

29-июлга караган түнү Ош ШИИБдин кайгуул кызматынын 50дөй кызматкери нааразычылык акциясына чыкты. Алар мекемеге жаңы дайындалган жетекчи Айбек Жумагуловду кызматтан алууну талап кылышты.

Нараазычылыкка чыккандар 8 сааттык жумушу 12 сааттан ашып кетип жатканын билдиришти. Ошондой эле кайгуулчуларга эмгек өргүүлөрү берилбей жатканын айтышты.

Мындан сырткары кызматкерлер «Жумагулов тааныштарын кызматка алып келип, башка тааныштарынын унааларын айып короодон негизсиз чыгарып жатат» деп айыпташты.

«Булар айып короодогу унааларды мыйзамсыз чыгарып жиберишет. Менде далил видеолору да бар. Төрт унааны жана камакка алынган унааларды да чыгарган. Жетекчилер мас айдоочулардын ортосуна түшкөн учурлар да бар. Кечээ улук инспектор Элнура Айтиева 296 миң сом айып менен бир автомобилди айып короого алып келген. Бирок ал унаа мыйзамсыз чыгып кеткен», — деди кызматкерлердин бири.

Нараазычылык акциясы эки саатка созулду. Ага Жумагулов келген жок. Чогулгандарга Ош ШИИБдин башчысынын орун басары Акылбек Бекишов жолугуп, бул окуя боюнча атайын комиссия текшерүү жүргүзөрүн убадалады.

Акциянын аягында кызматкерлер Жумагуловду кызматтан алууну талап кылып Ички иштер министри Улан Ниязбековго кат жолдошту.

«Урматтуу Улан Ниязбеков, сиздин жүргүзгөн саясатыңызга, аброюңузга доо кетирип жаман аттуу кыла электе бул өкүл балаңыз, иниңиз Айбек Жумагуловду башка кызмат ордуна которуп, же болбосо кызматтан кетирип башка мыйзам чегинде иштеген жетекчини коюп берүүңүздү суранабыз. Бул арызга жалпы 72 кызматкер кол койгон. Ошондой эле кол койбой калган 100дөн ашуун кызматкер турат», — деп кат жолдоду чогулгандар.

Ош ШИИБи акциядан кийин билдирүү таратып, «кайгуул кызматкерлери иш таштабаганын билдирди. Ошондой эле милициядан 29-июлда ИИМдин атайын комиссиясы келип, текшерүүнү баштайт деп убадалашты.

Айбек Жумагулов үстүбүздөгү жылдын май айында Ош шаардык милициясынын кайгуул кызматынын башчысы болуп дайындалган. Ага чейин ал Бишкек милициясынын кайгуул кызмат башкармалыгынын жетекчисинин орун басары болуп иштеп келген.