«Чекит Медиа» Жапаровду колдогон «фейк-фабрика» тууралуу иликтөөнүн экинчи бөлүгүн жарыялады

1-августта «Чекит Медиа» фактчекерлер бирикмеси президент Садыр Жапаровго «иштеген» фейк жана троллдордун фабрикасы тууралуу иликтөөнүн экинчи бөлүгүн жарыялады.

Анда өлкө башчысы Садыр Жапаров абакта жаткан мезгилде эле мессенжерлер аркылуу соцтүйүндөрдүн колдонуучуларын башкарып, ошол эле ыкманы кийин да колдонгону баяндалат.

Иликтөөдө Садыр Жапаров 2020-жылы октябрь окуяларында абактан чыгып, премьерлик кызматка сунушталганда, ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековду жана бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду колдогон фейк-аккаунттар дароо Жапаровдун «камчысын чаап» калганы да белгиленет.

Ошондой эле атайын топ башка саясатчыларды каралап турганы, фабрика 2021-жылы болуп өткөн президенттик шайлоодо да активдүү иштегени белгиленет.

«Чекит Медиа» аталган иштерге «Кабар» мамлекеттик маалымат агенттигинин, УТРКнын жана ар кайсы министрликтердин кызматкерлеринин да тиешеси бар экенин айтат.

Бирок журналисттер байланышканда, аталган мекемелердин жетекчилери, өкүлдөрү «фейк-фабрикага тиешеси жок экенин» айтып, төгүндөшкөн.

Иликтөөнүн экинчи бөлүгү чыккандан кийин, 2-августта УТРК билдирүү таратты. Анда иликтөөдө айтылган WhatsAppтагы «УТРКны таанытуу» деген тайпа чынында бар экени айтылат.

Бирок мекеменин айтымында, ал тайпа бийликти жактап, башкаларды каралоо максатында эмес, корпорациянын өзүн таанытуу максатында түзүлгөн.

«Чекит Медианын» биринчи иликтөөсү

Буга чейин, 20-июнда «Чекит Медиа» УТРКны байырлаган фейк жана троллдордун фабрикасы тууралуу иликтөө жарыялаган. Анда фейк-фабриканын ишин президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Дайырбек Орунбеков көзөмөлдөшү мүмкүн экени айтылган.

Журналисттер УТРКда тузүлгөн SMM жана жаңы медиа бөлүмүндө иштегендер «30 миң сомдон 40 миң сомго чейин» айлык аларын бир нече булактан тастыкташкан. Ал эми 2022-жылы УТРКнын чыгымы 485 млн сомду түзгөн — бул күнүнө салыктан түшкөн каражаттан 1 млн сомдон ашыгы каналдын муктаждыгына жумшалат дегенди билдирет.

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков өзү жөнүндө айтылгандарды четке кагып, материалды «каралоо» деп атаган. Ал иликтөөнү «ушактын деңгээлинде, манипуляция жана жалаа катары кабыл алганын» белгилеген.

Ал эми УТРКнын журналисттери да «Чекит Медианын» иликтөөсүнө жооп кайтарып, андагы маалыматтарды «талкууга жем таштаган жалаа, каралоо жана манипуляция» деп аташкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Жалаа, каралоо жана манипуляция». УТРКнын журналисттери «Чекит Медианын» иликтөөсүнө жооп берди

«Чекит Медианын» УТРКдагы фейк жана троллдор жөнүндө иликтөөсү. Орунбековдун жообу