«Жалаа, каралоо жана манипуляция». УТРКнын журналисттери «Чекит Медианын» иликтөөсүнө жооп берди

22-июнда Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын журналисттери «Чекит Медианын» фейк жана троллдордун фабрикасы тууралуу иликтөөсүнө жооп кайтарып, андагы маалыматтарды «талкууга жем таштаган жалаа, каралоо жана манипуляция» деп аташты.

Анда улуттук каналдын журналисти «Чекит Медианын» негиздөөчүсү Асель Сооронбаеванын иликтөөсүндө сөз кылынган кызматкерлер соцтармактарда «бийликти мактап, окшош маалыматтарды таратышат» деген айыптоого жооп берип, анда мамлекеттик каналдын кызматкерлери өлкөдө болуп жаткан өнүгүүлөрдү жана жакшы жаңылыктарды бөлүшөрүн белгиледи.

«“Чекит Медиасы” айтып чыккандай эле улуттук каналдын журналисттери мамлекетибизде болуп жаткан өнүгүүлөрдү, жолдордун курулуштарын, социалдык объекттердин колдонууга берилгени, жаңы техникалар сатып алынып жатканы тууралуу көп маалымат бөлүшөт экен. Мамлекеттик каналда иштеген кызматкер мамлекетте болуп жаткан ийгиликтерди элге жеткирип, маалымат таратып жатканы терс көрүнүш деле эмес», — деп айтылат билдирүүдө.

УТРКнын журналисттери Сооронбаева иликтөөсүндө «Кыргызстандагы ийгиликтерди айткандардын баарын “троллдор” деп манипуляция жасап жатат» деп эсептешет. Ошондой эле алар дагы «Чекит Медиага» тиешеси бар көз карандысыз медиалардын журналисттеринин соцтармактагы аккаунттарын карап, «элдин тынчтыгын бузган, кырсык, негативдүү жаңылыктарды бөлүшөрүн аныктадык» деп билдиришти.

«Ал эми [иликтөөдө берилген] анонимдүү булак — бул жалаа, каралоо жана манипуляция. “Чекит Медиасынын” фейки деп дагы атасак болот. Муну эч шылтоо таба албай калып, талкууга жем таштап коюу максатында ойлоп тапкан осол иши деп баа беребиз. [...] Ооба, биз [мамлекеттин эсебинен] айлык алабыз, ошол айлыгыбыздан салык үчүн кармап калат. Алар чогулуп, кайра мамлекеттин казынасына түшөт, ага жол, бала бакчалар, жаңы техникалар, үйлөр, ГЭСтер курулат», — деди журналист.

Аны менен катар журналисттер УТРКнын SMM жана жаңы медиа башкармалыгында иштеген кызматкерлер телеканалдын продукцияларын соцтармактарга «элге ыңгайлуу кылып» таратышарын айтышты.

«“Чекит Медиа” сыяктуу “жамандык издеген журналисттер” байкагысы келбеген позитивдүү маалыматтарды көбүрөөк байкап, аны коомчулукка жеткирет. Мамлекеттик корпорация болгон соң — мамлекеттин позициясын карманышат», — деп эсептешет алар.

«Чекит Медианын» иликтөөсү

20-июнда «Чекит Медиа» фактчекерлер бирикмесинин негиздөөчүсү, журналист Асель Сооронбаева УТРКны байырлаган фейк жана троллдордун фабрикасы тууралуу иликтөө жарыялаган.

Анда фейк-фабриканын ишин президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Дайырбек Орунбеков көзөмөлдөшү мүмкүн экени айтылат.

Журналисттер УТРКда тузүлгөн SMM жана жаңы медиа бөлүмүндө иштегендер «30 миң сомдон 40 миң сомго чейин» айлык аларын бир нече булактан тастыкташкан. Ал эми 2022-жылы УТРКнын чыгымы 485 млн сомду түзгөн — бул күнүнө салыктан түшкөн каражаттан 1 млн сомдон ашыгы каналдын муктаждыгына жумшалат дегенди билдирет.

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков өзү жөнүндө айтылгандарды четке кагып, материалды «каралоо» деп атаган. Ал иликтөөнү «ушактын деңгээлинде, манипуляция жана жалаа катары кабыл алганын» белгилеген.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Чекит Медианын» УТРКдагы фейк жана троллдор жөнүндө иликтөөсү. Орунбековдун жообу