Орусияда кыргызстандык таксистке кол салган жүргүнчүгө кылмыш иши козголду

Орусияда кол салууга кабылган кыргызстандык таксист Шамил Муратов 3-августта социалдык тармак аркылуу билдирүү жасады. Ал ага кол салган эркек кишиге кылмыш иши козголгонун айтты. Бул маалыматты ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү да тастыктады.

 

View this post on Instagram

 

A post shared by @seychas_kgz

Видеодо Шамил Муратов учурда абалы жакшы экенин айтып, Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине, ИИМдин кызматкерлерине жана ага колдоо көрсөткөн адамдарга ыраазычылыгын билдирди.

«Мен 18-июлда мага кол салуу болгондугу тууралуу видеону ютубда жарыялагам. Полицияга арыз жазгам. Кечээ мени менен элчиликтин, Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү байланышты. Бүгүн биз алар менен Басман райондук полициясынын бөлүмүнө бардык. Мени дагы кошумча суракка алышкандан кийин, мага кол көтөргөн адамга кылмыш иши козголду», — деп билдирди ал.

Болгон окуя боюнча 3-августта ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү чогултулган материалдардын негизинде кыргызстандык таксистке кол салган жаранга Орусиянын кылмыш-жаза кодексинин «Сабоо» беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирди.

Соттук-медициналык дайындалып, тергөө иштери башталды.

Буга чейин социалдык тармактарда Орусияда кыргызстандык таксистке кол салуу тартылган тараган.

Окуя кандай болгон?

Орусиялык Livejournal блог-платформасынын маалыматы боюнча, такси кызматынын айдоочусу жүргүнчүдөн эрежеге ылайык, автоунаанын ичинде сыра ичпөөнү суранган. Ал макул болгон эмес. Айдоочу жол жүрүүнү токтотууга аргасыз болгон.

Айдоочуга жини келген жүргүнчү ага кол көтөрө баштаган. Автоунаада аны менен чогуу эки кыз жана бир кичине бала болгон. Кыздардын бири аны токтотууга аракет кылган. Бирок ал ага көңүл бурган эмес.

Блогдогу маалымат боюнча, жабырлануучу дароо полицияга кайрылган, анын арызы ооруканада эле кабыл алынып, алган жаракаттары боюнча дарыгерлердин корутундусу берилген.

Аталган блог-платформанын колдонуучуларынын бири окуянын чоо-жайын тактоо үчүн жабырлануучуга кайрылган. Маалым болгондой, милиция ал кишиге ур-токмокко алуу боюнча иш козгоодон баш тарткан жана токтомдун көчүрмөсүн жабырлануучуга жөнөткөн эмес.

Кийин, ТИМ жабыркаган жаран менен байланышып, ага консулдук-укуктук жардам көрсөтүлүп жаткандыгын, Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин дарегине Кыргызстандын элчилигинен расмий Нота жөнөтүлгөнүн жана маселе Кыргызстандын ТИМнин жана Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин көзөмөлүнө алынганын билдирген.

ТЕМА БОЮНЧА:

ТИМ: Орусияда кол салуудан жабыркаган кыргызстандык таксист табылып, укуктук жардам көрсөтүлүүдө

Видео: Орусияда борбор азиялык мигранттарга каршы рейддер жүрүп жатат

Бишкек: Кыргызстанга кайтып келген эмгек мигранттары бизнес негиздерин бекер окуй алышат