Бишкек: Кыргызстанга кайтып келген эмгек мигранттары бизнес негиздерин бекер окуй алышат

Бишкекте эмгек мигранттарына багытталган «Бизнес жүргүзүүнүн негиздери» курсу бекер окутула баштайт. Бул тууралу 2-июнда Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган окуу Кыргызстанга жаңы кайтып келип, жеке ишкердик менен алектенүүнү каалагандарга пайдалуу.

Курска катышуу үчүн төмөнкү талаптарга жооп берүү керек:

  • чет өлкөдөн иштеп келеген тажрыйба;
  • жашы 18ден жогору;
  • катталган же жашаган жери боюнча райондук иш менен камсыздандырган бөлүмдөрүнө кайрылуу абзел.

Курска катталуу үчүн паспорт, билимди тастыктоочу документ жана эмгек китепчеси керектелет. 

Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын райондук бөлүмдөрүнүн даректери жана байланыш номерлери:

  • Ленин району — Бөкөнбаев көчөсү 99, тел: 0(312) 303 695, 0(312) 303 682.
  • Биринчи Май району — Бөкөнбаев көчөсү 99, тел: 0(312) 303 748, 0(312) 303 740.
  • Октябрь району — Токтогул көчөсү 43, тел: 0(312) 434 765, 0(312) 434 739.
  • Свердлов району — Токтогул көчөсү 43, тел: 0(312) 434 766, 434 749.
  • Вотсап — 0755145414.

Эмгек миграциясы 

Расмий маалымат боюнча 2022-жылы Кыргызстандан жалпы 5917 жаран башка өлкөгө чыгып кеткен:

  • Ош облусу – 2221;
  • Жалал-Абад облусу – 1975;
  • Баткен облусу – 962;
  • Ош шаары – 536;
  • Бишкек шаары – 289;
  • Чүй облусу – 271;
  • Ыссык-Көл облусу – 74;
  • Талас облусу – 69;
  • Нарын облусу – 62;

Economist.kg басылмасынын маалыматына ылайык, мамлекеттик бюджеттин 35%ын эмек мигрантардан түшкөн акча которуулар түзөт. Акыркы 10 жыл ичинде которуулардын жалпы көлөмү 23 миллиард долларга жеткени кабарланган. 

Ал эми расмий эмес маалымат боюнча, Кыргызстандын ар бир төртүнчү үй-бүлөсүндө эмгек мигранттары бар, 90 миң жаш баланын ата-энеси мигранттар. 

World Population Review порталынын маалыматына ылайык, күн сайын 24 адам өлкөдөн чыгып кетип, эмгек мигранттардын катарына кошулат. Тактап айтканда Кыргызстандан саат сайын бирден адам чет өлкөгө чыгып кетет.

Автору: Айжамал Бексултанова.