ТИМ: Орусияда кол салуудан жабыркаган кыргызстандык таксист табылып, укуктук жардам көрсөтүлүүдө

Орусияда кыргызстандык таксистке кол салуу жазылып калган видео тараган. Жабырлануучунун өздүгү такталып, ага консулдук-укуктук жардам көрсөтүлүүдө. Бул тууралуу 3-августта ТИМден билдиришти. 

Маалыматка ылайык, окуя 18-июлда болгон. Социалдык тармактарда тараган видеодон такси кызматын колдонгон жүргүнчү, айдоочуга бир нече жолу сокку урганын көрүүгө болот.


«Ошондой эле, Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин дарегине Кыргызстандын Элчилигинен расмий Нота жөнөтүлдү. Бул маселе Кыргызстандын ТИМнин жана Кыргызстандын Орусиядагы Элчилигинин көзөмөлүнө алынды», — деп жазылат мекеменин билдирүүсүндө.

Таксистке кол салган эркек киши айдоочу ага «орой мамиле кылды» деп, учурда үй-бүлөсүнүн дарегине коркутуулар келип жатканын айтты

Ал эми кыргыз жараны иштеген «Яндекс.Таксиде» агрессивдүү жүргүнчүгө кызматты колдонууга чектөө киргизилгени кабарланды

Окуя кандай болгон?

Орусиялык Livejournal блог-платформасынын маалыматы боюнча, такси кызматынын айдоочусу жүргүнчүдөн эрежеге ылайык, автоунаанын ичинде сыра ичпөөнү суранган. Ал макул болгон эмес. Айдоочу жол жүрүүнү токтотууга аргасыз болгон. 

Айдоочуга жини келген жүргүнчү ага кол көтөрө баштаган. Автоунаада аны менен чогуу эки кыз жана бир кичине бала болгон. Кыздардын бири аны токтотууга аракет кылган. Бирок ал ага көңүл бурган эмес. 

Блогдогу маалымат боюнча, жабырлануучу дароо полицияга кайрылган, анын арызы ооруканада эле кабыл алынып, алган жаракаттары боюнча дарыгерлердин корутундусу берилген. 

Аталган блог-платформанын колдонуучуларынын бири окуянын чоо-жайын тактоо үчүн жабырлануучуга кайрылган. Маалым болгондой, милиция ал кишиге ур-токмокко алуу боюнча иш козгоодон баш тарткан жана токтомдун көчүрмөсүн жабырлануучуга жөнөткөн эмес.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин алдында кризистик борбор ачылды

Орусия: Мигранттардын массалык мушташынан кийин 10 киши кармалганы айтылды