Видео: Орусияда борбор азиялык мигранттарга каршы рейддер жүрүп жатат

Орусия бийлиги борбор азиялык мигранттарга карата жүргүзүлгөн масштабдуу «Нелегал-2023» операциясынын жыйынтыгын чыгарды, ал 19-июндан 25-июнга чейин бүткүл өлкө боюнча жүргүзүлгөн. Текшерүүлөрдүн натыйжасында 7 миңдей киши Орусидан чыгарылды.

Мигранттардын айтымында, операция бүткөнүнө карабастан текшерүү жана кармоолор бүгүнкү күнгө чейин уланууда.