«Камакка алына элек». Кара-Сууда тургунга ок чыгарган шектүүнүн ким экени аныкталды

Ош облусунун Кара-Суу районунда 32 жаштагы тургунга ок чыгарган кишинин ким экени аныкталды. Бул тууралуу 9-августта «Клоопко» облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, шектүү Өзгөн районунун Төрт-Көл айылынын 36 жаштагы тургуну экени белгилүү болду. Тинтүү учурунда жанынан газо-травматикалык тапанча табылып, баллистикалык экспертиза дайындалды.

Азыркы тапта шектүү тергөө абагында эмес — Ош ОИИБден анын камалып-камалбашы «эскпертизанын жыйынтыгында чечилет» деп белгилешти.

Аны менен катар, милициядан шектүү «Женго» каймана аты менен таанымал кримтөбөл Кадыр Досоновдун «өкүл баласы болушу мүмкүн» деген маалыматты төгүндөштү.

Кара-Суу районунда 32 жаштагы кишинин октон жаракат алып, жандандыруу бөлүмүнө түшкөнү тууралуу 4-августта кабарланган. Кийин ал Кара-Суудагы Нариман айылынын тургуну экени аныкталган.

Жабырлануучунун апасы маалыматты тастыктап, баласын «Ош» аэропортундагы жолдо атып кетишкенин айткан.

«Алар акча алмаштыруучу жайда иштеген балдардан акча алып тургандар экен. Менин балам шериги менен “силер кимсиңер?” деп сураганы ошол унааны токтотушуптур. Ал ок чыгарган адамдын айдоочусу да бар экен. Анан ал унаадан тушүп эле менин баламды уруп баштаптыр. Бир нече ирет ок аткан экен, моюнуна эки жолу ок тийиптир», — деген ал. 

Ош ОИИБден жабырлануучу окуя боюнча милицияга «арыз жазуудан баш тарып жатканын» белгилешти. Маалыматка ылайык, ал үч жеринен жаракат алган, учурда абалы канаттандыраарлык деп баланууда.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Жандандыруу бөлүмүндө». Кара-Сууда белгисиз бирөөлөр 30 жаштагы кишиге ок чыгарды

Чаткал: Тургунга бир нече жолу ок чыгарган шектүү эки айга камакка алынды