Asia Park орусиялык фирмаларга кампа куруп берип атканы тууралуу маалыматты четке какты  

Asia Park комплексин куруп жаткан компания «Коммерсантъ» басылмасынын ал жерде орусиялык фирмалардын кампалары жайгашат деген маалыматын четке какты. Бул тууралуу «Клоопко» Asia Park кампа комплексинин өкүлдөрү билдиришти.     

Басылма кампанын курулушуна Өмүрбек Бабановдун тууганы ээлик кылган «Траст KG» компаниясы жооптуу экенин билдирген.  

Asia Park комплексинин директору Кирилл Шевченконун айтымында, кампа буга чейин басылма билдиргендей орус компаниялары үчүн эмес, кыргыз компанияларына деп салынып жатат. 

«Биз Asia Park’ты орусиялык компанияларга эмес, кыргыз компаниялары үчүн куруп жатабыз. Кампаны rk для Кыргызстана, а не для российских компаний. Мы строим склады для “Азия Ритейл” үчүн куруп жатабыз — бул “Азия” жана “Азбука” дүкөндөрүнүн, бир катар фармацевтикалык компаниялардын тармагы, алар Кыргызстандын жаңы мыйзамдарына ылайык кампаларын 2024-жылдын 1-январынан тартып муздатуучу жана тоңдуруучу мүмкүнчүлүгү бар сапаттуу жаңы кампаларга көчүрүшү керек, курулушту баштоого мына ушул нерсе себеп болду», — деп түшүндүрдү ал.

Шевшенко кампага Кыргызстандын рыногунда иштеген маркетплейстер, дистрибуциялык компаниялар кардар болорун кошумчалады. Ошондой эле ал жергиликтүү суроо-талап менен таанышып чыккан соң гана тийиштүү көлөмдөгү кампа комплексти курууну баштап, ижарачылардын тобун жана алдын ала ижара келишимдерин түзүү менен алек болуп жатышканын билдирди.

«Тилекке каршы, “Коммерсанттын” журналисти биздин бирөөбүздөн да тактабай туруп, макаласында туура эмес маалыматты берди. Биринчиден, биз таптакыр Орусия жана орусиялык компаниялар үчүн кош импорт менен иштейбиз деп кампа куруп жаткан жокпуз», — деди директор.

Ал макалада көрсөтүлгөн «Траст KG» компаниясы бул долбоорго ээ эмес экенин, бул укук учурда каттоодон өтүп, тийиштүү документтерин алып жаткан жаңы Asia Park ЖАКына таандык экенин белгиледи.