Бишкекте троллейбус айдагандар айлыктын аздыгына нааразы болуп иштен кетүүнү каалап жатышат

Бишкекте 100гө жакын троллейбус айдоочусу иштен кетүүгө арыз берди — алар бийликтен маяналарын 60 миң сомго чейин көтөрүүнү талап кылышты. Бул тууралуу 10-августта 24.kg басылмасы билдирди.  

Айдоочулардын биринин айтымында, азыркы маяна 20-28 миң сомду түзөт. 

«Баары кымбаттап жатат, айлык болсо өспөйт. Анын үстүнө күн сайын тобокелдикте иштейбиз. Кокус кимдир бирөөнү чийип кетсең, айлыгың толугу менен ошого кетет. Камсыздандыруу жок, зыяндыгы үчүн төлөшпөйт», — деп айтып берди басылмага айдоочу Марат Дүйшөкеев. 

Ошондой эле айдоочулар буга чейин жетекчилик эгер «Тулпар» транспорттук картасы илгиликтүү колдонууга кирсе, маянаны 40 миң сомго көтөрүп берүүнү убадалаганын да айтып беришкен.  

Мындан тышкары митингчилер айлыктан сырткары «бир аз тыйын-тыпыр» таап иштеп жүрүшкөнүн моюнга алып, бирок накталай эмес төлөм киргенде ал да болбой каларын айтышкан. Ошол эле кезде айдоочулардын электрондук билет системасына өтүүгө каршылыктары жок. 

Ошондой эле айдоочулар маяналары коюлган планга жараша түзүлөрүн, ошондуктан алар кээде тобокелдикке барууга аргасыз болушарын айтышкан. Айдоочулардын айтымында, эгер алар коюлган планды катары менен эки ай аткара албай калса, алар иштен бошотулат. 

Жумушчулардын наразычылыгына Бишкек троллейбус башкармалыгын (БТБ) директору Талантбек Капаров жооп берди. Ал 24.kg басылмасына айдоочулардын бир айлык эмгек акысын 50 миң сомго чейин көтөрүү планы бар экенин билдирди

«Бирок айрымдары 60-70 миң сомго көтөрүш керек деп буга да макул болбой жатышат. Бирок ишкананын андай мүмкүнчүлүгү жок. Биз ансыз деле алардын айлыгын дээрлик эки эсеге көтөрүп жатабыз», — деди Капаров. 

БТБнын директорунун айтымында, жумуштан кетүү тууралуу арызды  болжолдуу 40 айдоочу берген, алардын арыздары каралат. 

Автору Медина Шамшидинова