Маркум Айнуска Замирбек кызы. Сүрөт: «Турмуш» басылмасы

Өткөн жылы 23-июлда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Кара-Тонду айылынын 29 жаштагы тургуну Айнуска Замирбек кызы өзүнүн үйүндө асынган абалда табылган. Маркумдун жакындары мындай кадамга аны кайненеси жеткирген деп күнөөлөшкөн.

Замирбек кызынын жакындары 10-августта «Турмуш» басылмасына маек берип, маркумдун күйөөсү алардын үйүнөн акча уурдап, апасын сабап кеткенин айтып чыгышты. Ошондой эле алар аялдын өлүмүнө жооптуулар жаза албай жатканына нааразычылыгын билдиришти.

Ал эми Жалал-Абад ОИИБден «Клоопко» маркум аялдын 50 жаштагы апасы Орозгүл Сатыкулова денесинен жараат алып, ооруканага түшкөнү боюнча териштирүү башталганын билдиришти. Аталган окуя боюнча эки тарап тең бир-бирине каршы арыз жазышкан.

Эмне болду?

2022-жылы 23-июлда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Көк-Тонду айылынын 29 жаштагы тургуну Айнуска Замирбек кызы өзүнүн үйүндө асынган абалда табылган.

Маркумдун ата-энеси кызына кайненеси зулумдук көрсөтүп жүргөнүн белгилешип, аялдын өлөр алдында жазган каты анын кайненесине багытталган болушу ыктымал деп айтышкан.

Айнусканын бир тууган сиңдиси Айтурган Замирбек кызы соңку бир жылдан бери маркумдун 9, 7 жана 2,5 жаштагы балдарына анын ата-энеси карап жатканын, ал эми балдардын атасы бир дагы жолу кабар албаганын билдирди.

Анын айтымында, сот ата-энесинин балдарды расмий камкордукка алуу үчүн арызын канааттандырган, бирок экинчи тарап чечимге нааразычылык билдирип, апелляциялык даттануу менен Жалал-Абад облустук сотуна кайрылган. Бирок 3-июлда сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

Ал арада Базар-Коргон райондук социалдык коргоо бөлүмү энесиз өсүп жаткан үч балага атасынан алимент өндүрүү үчүн сотко кайрылып, соттук отурум 9-августка белгиленген. Ал эми экинчи тарап «соттун кагаздары менен таанышып чыга элекпиз» деген жүйө келтирип, отурумдун мөөнөтү жылдырылган.

«Ошол [9-август] күнү мен апам менен кайрадан арыз жазуу үчүн Базар-Коргон райондук прокуратурасына барсак, жездем агасы менен прокуратуранын имаратынан чыгып келе жатышкан экен. Апам аларды көрүп, ачууга алдырып, кыйкырып урушуп жиберди. Ал эми жездем менен анын агасы биздин колдон катуу кармап, сыртка сүйрөп чыгып, ачуу менен апамды катуу түртүп, башына тээп жиберди. Ушул тапта апам Базар-Коргон райондук бейтапканасынын сынык-жараат бөлүмүндө дарыланып жатат. Дарыгерлер апамдын абалын орто оор деп баалашууда», — деп билдирди Айтурган Замирбек кызы.

Андан сырткары Замирбек кызы 6-августта ата-энеси үч бала менен чогуу жашап жаткан үйдүн эшигин эжесинин мурдагы күйөөсү бузуп кирип, компенсацияга деп төлөнгөн 70 миң сом акчаны уурдап кеткенин айтты. Алар милицияга арыз менен кайрылганына карабастан, эч кандай жыйынтык болбой жатканына нааразы болду.

«Биз милиция кызматкерлерине, прокуратурага арыз менен кайрылдык, бирок жыйынтык жок. Тоок уурдаган киши камалат, эжемди өлүмгө чейин жеткирген, апамдын ден соолугуна зыян келтирип, укугун тебелеген кишилер эркиндикте жүрөт. Мыйзам кайда, кимге иштейт? Мындан улам мен ИИМге, Башкы прокуратура, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып кетер элем. Жетим калган үч небересин баккан карыган аялдын ишин тыкыр көзөмөлгө алып, айыпталуучулардын жазасын берүүнү суранам», — деди маркумдун сиңдиси.

Буга чейин Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук соту келинин өз өмүрүн кыюуга жеткирген 60 жаштагы аялды беш жылга эркинен ажыратып, бирок жазаны жеңилдетип, үч жылдык пробациялык көзөмөлгө алмаштырган.

Тергөөнүн жыйынтыгында, аял маркумду жаңы келин болуп келгенден баштап эле кемсинтип, катаал мамиле жасап жүргөнү аныкталган. Аял өз өмүрүн кыйган учурда жолдошу чет өлкөдө иштеп жүргөнү белгилүү болгон.

Бирок айыпталуучу күнөөсүн мойнуна алган эмес.

«Клооп» экинчи тараптын пикирин угуу үчүн байланышууга аракет кылып, бирок жооп ала алган жок.

Милиция эмне дейт?

Ал эми Жалал-Абад облустук милициясынан «Клоопко» маркум аялдын 50 жаштагы апасы Базар-Коргон районунун 1-май айылынын тургуну Орозгүл Сатыкулова денесинен жараат алып, ооруканага түшкөнү тууралуу 9-августта белгилүү болгонун билдиришти.

Аталган факт Базар-Коргон РИИБдин электрондук каттоо журналына катталып, алгачкы текшерүү иштери башталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө, жабырлануучу 9-август күнү саат 11:00 чамасында райондук прокуратуранын короосунда күйөө баласы — Көк-Тонду айылынын тургуну — жана анын бир тууганы менен пикир келишпестиктин айынан ур-токмокко алышканын билдирген.

Натыйжада, арыздануучунун денесиндеги жараатынын оордугун аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалып, текшерүү иштери жүрүүдө.

Аны менен катар, жогорудагы факт боюнча карама-каршы багытта арыз түшкөн. Анда Көк-Тонду айылынын тургуну 39 жаштагы эркек киши өз арызында 1-май айылынын тургуну Сатыкулова жана кызы бети-башына чаап, жулмалап салганын билдирген.

Бул факт дагы Базар-Коргон РИИБне катталып, алгачкы текшерүү иштери башталган жана арыздануучуга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Текшерүү иштери уланып жатат.

Ошондой эле Орозгүл Сатыкулова мурдагы күйөө баласынын жана анын бир тууганынын үстүнөн арызданып, кызы Айтурганды сабоого айыптаган.

Аталган фактылардан сырткары, тараптар бул окуяга чейин Базар-Коргон районунун Көк-Тонду айылында жайгашкан маркум Замирбек кызы жана жолдошу жашап келген турак жайды «мыйзамсыз бузуп кирип, үйдөгү буюмдарды чачып жатышат» деп бир-бирине карата арыз менен кайрылышканы белгилүү болду.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жалал-Абад: Үйүнөн асынган абалда табылган аял кат калтырып кеткени аныкталды

Базар-Коргон: Сот келинин өз өмүрүн кыюуга жеткирүүгө айыпталган аялды үч жылга шарттуу кести