Базар-Коргон: Сот келинин өз өмүрүн кыюуга жеткирүүгө айыпталган аялды үч жылга шарттуу кести

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук соту келинин өз өмүрүн кыюуга жеткирген 60 жаштагы аялды үч жылга шарттуу кести. Бул тууралуу райондук соттун өкүмүндө айтылат.

Айыпталуучу «Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү» беренеси менен күнөөлүү деп табылды. Сот аны беш жылга эркинен ажыратып, бирок жазаны жеңилдетип, үч жылдык пробациялык көзөмөлгө алмаштырды.

Тергөөнүн жыйынтыгында, аял маркумду жаңы келин болуп келгенден баштап эле кемсинтип, катаал мамиле жасап жүргөнү аныкталды. Келин өз өмүрүн кыйган учурда жолдошу чет өлкөдө иштеп жүргөнү белгилүү болду.

Бирок айыпталуучу күнөөсүн мойнуна алган жок. Ал эми маркумдун артында үч баласы калды.

2022-жылдын сентябрында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Кара-Ой айылында 29 жаштагы келин асынып алган. Ал өлүмүнүн алдында кат таштап кеткен. Анда «Ким жаман жүрсө, башканы да ошондой ойлойт. Чыныгы дагир (сойку-ред.) келин алып өлгүчө ар кимдин астынан таап келип жашатып кал» деп жазылган.

Маркумдун ата-энеси кызына кайын энеси зулумдук көрсөтүп жүргөнүн белгилешкен. Алардын айтымында, келиндин каты кайын энесине багытталган болушу мүмкүн.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жалал-Абад: Үйүнөн асынган абалда табылган аял кат калтырып кеткени аныкталды