Жалал-Абад: Үйүнөн асынган абалда табылган аял кат калтырып кеткени аныкталды

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Кара-Ой айылында асынган абалда табылган 29 жаштагы келин өлүмүнүн алдында кат таштап кеткени аныкталды. Бул тууралуу «Клоопко» облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, окуя 23-июль саат 07:55 чамасында болгон. Аял үйүндөгү толук бүтө элек бөлмөсүндө жыгач тирөөчкө жоолук байлап муунуп алган.

Маркум өлүмүнүн алдында сыя менен жазылган кат калтырган. Анда «Ким жаман жүрсө, башканы да ошондой ойлойт. Чыныгы дагир (сойку-ред.) келин алып өлгүчө ар кимдин астынан таап келип жашатып кал» деп жазылган.

Бул факты боюнча 22-августта «Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү» беренеси менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Ал эми көз карандысыз журналист Ыдырыс Исаков маркумдун жакындарынан комментарий алган. Анда аялдын ата-энеси кызына кайын энеси зулумдук көрсөтүп жүргөнүн белгилешкен. Алардын айтымында, келиндин каты кайын энесине багытталган болушу мүмкүн.

Мындан сырткары аялдын жаш балдары да зомбулукту тастыкташкан. Келиндин кайын энеси болсо журналистке айтылгандарды четке каккан.

Аялдарга карата зомбулук

Кыргызстан дүйнөдөгү аялдардын бакубаттыгы жана коопсуздугу боюнча глобалдык индексте (WPS Index) Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен эң кооптуу өлкө деп саналат. Аталган индексте Кыргызстан аялдардын абалы бааланган 170 өлкөнүн ичинен 97-орунду ээлеген.

Кыргызстанда кыз-келиндер күйөөсүнүн, бирге жашаган адамынын, мурдагы күйөөсүнүн жана тааныш болуп жүргөн эркек кишинин колунан каза тапкан окуялар жыл сайын ондоп катталат. Эл аралык тажрыйбада бул фемицид деп аталат.

*Фемицид— адатта эркектердин кыз-келиндерди жек көргөндүктөн, гендердик басмырлоонун натыйжасында жана же мамлекет гендердик зордук-зомбулукка билип туруп көз жумуп койгондугу үчүн өлтүрүлүшү.

ИИМдин маалыматына ылайык, 2022-жылдын алгачкы 5 айында 3 988 үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук фактысы катталган.

Эгер сиз шеригиңиздин же бейтааныш адамдын зомбулулугуна кабылсаңыз, жардам алуу үчүн милиция кызматкерлерине жана өлкөнүн аймактарындагы кризистик борборлорго кайрыла аласыз.