ӨКМ: Куткаруучулардын тобу жоголгон альпинисттерди издөөнү токтотту

Жоголгон альпинисттерди издөө ишинен майнап чыккан жок — издөө иштери 8-августта чокудагы катаал аба ырайы куткаруучулардын өмүрүнө кооптуу болуп калганына байланыштуу токтотулган. Бул тууралуу 11-августта ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, издөөгө 21 куткаруучудан турган үч куткаруучу-издөөчү топ тартылган. Ошондой эле издөө иштерине куткаруу топторун жеткирүү, альпинисттер жүргөн аймакты фото-видеого тартуу үчүн тик учак тартылган.

Куткаруучулар организмин климат шарттарына көңүктүрүү үчүн издөөчү топ эки күн 4 100 метр бийиктиктеги «Түштүк Эңилчек» базалык лагерине убактылуу жайгашып, андан соң издөө-куткаруу ишин улантуу максатында 6 000 метрден ашык бийиктикке чыккан.

Министрликтин маалыматына ылайык, издөө иштерине Кыргызстандын альпинизм боюнча спорт чебери Дмитрий Греков да катышкан.

Жоголгон алпинисттердин биринин GPS-трекердеги координатынын жардамы менен алар кулаган жер аныкталган. Издөө тобу асканын бойлоп бир километр ылдыйлап учуп издеген. Бирок андан майнап чыккан эмес.

«Чокудагы аба ырайынын татаал шарттары, тез-тез жүрүп жаткан кар көчкүлөрү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучуларынын өмүрүнө кооптуу экенин эске алып, 2023-жылдын 8-августунан тартып куткаруучулар базалык лагерге, кийинчерээк туруктуу ордуна кайтарылган», — деп билдиришти ӨКМден.

Альпинисттердин жоголушу

Төрт кишиден турган альпинисттердин тобу 19-июлда байланышка чыкпай калган. Ошол тапта алар Жеңиш чокусунан ылдыйды көздөй түшүп келе жатышканы белгилүү болгон. Жоголгондордун үчөө орусиялыктар, төртүнчүсү Литванын жараны.

24-июлда спутник телефону аркылуу алптнисттерге жардам көрсөтүү үчүн координаттар келип түшкөн. Кийинки бир нече күн бою «Аксай-Трэвел» компаниясы ижарага алынган тик учак менен издөө операциясын жүргүзүп, бирок андан майнап чыккан эмес.

Ал эми 27-июлда Орусиянын ӨКМи ыкчам издөө иштерин жүргүзүүгө жардам көрсөтүүнү сурнып Кыргызстандын ӨКМне расмий билдирүү жиберген.

Автору: Медина Шамшидинова