Садыр Жапаров Венгрияга иш сапары менен барды

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Президент Садыр Жапаров Венгриянын улуттук майрамы жана жеңил атлетика боюнча дүйнө чемпионатына катышуу үчүн Будапешт шаарына барды. Бул тууралуу 20-августта өлкө башчынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Жапаровду Венгрияга премьер-министр Виктор Орбан чакырган. Сапардын жүрүшүндө ал Орбан менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, башка өлкөнүн президенттери менен иш-чараларга катышат.

Өлкө башчыны тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, Президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев жана Венгриядагы элчи Талантбек Кушчубеков коштоп кетти.

Президент үстүбүздөгү жылдын февраль айында да Венгрияга жумушчу сапар менен барып келген. Анда Жапаров Венгриянын президенти Каталин Новак менен жолугушкан.