Азимбек Бекназаров: Эртеңден баштап мөөнөтсүз ачкачылык жарыялайбыз

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып абакта жаткан мурдагы саясатчы жана актвисттер кайрадан ачкачылык жарыяламай болду. Бул тууралуу 21-августта иштин фигуранттарынын бири бири, саясатчы Азимбек Бекназаров сот залында билдирди.

Алар сот жабык өткөрүлүп жатканына, ошондой эле иштин материалдары менен таанышуунун тартиби аныкталбаганына нааразы болушууда.  

«Биз мындай мыйзамсыз процесстерге катышпайбыз, иш менен таанышпайбыз жана эртеңден баштап мөөнөтсүз ачкачылык жарыялайбыз. Президентке, Жогорку Кеңешке жана эл аралык уюмдарга кайрылабыз, биздин башка аргабыз калган жок. Абактагылардын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүчтөр сотто күн тартибине киргизилген жок. Иштин материалдары менен таанышуу тартиби аныкталган жок. Сот жабык өтөт деген чечим да жок», — деди Бекназаров.

21-августтагы соттук отурум иштин материалдары менен таанышуу үчүн деген негизде 5-сентябрга жылдырылды.

Буга чейин, 16-августта Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткан саясатчылар Равшан Жээнбеков, Кеңешбек Дүйшөбаев жана Жеңиш Молдокматов иштин материалдары менен тааныша албай жатканын айтып чыгышкан.

2022-жылдын октябрында кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берүүгө каршы чыккан 30га жакын саясатчы жана активист кармалган. Күч органдары аларга «Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген айып тагышкан.

Алардын көпчүлүгү негизсиз камалганын айтып ачкачылык жарыялашып, ноябрда башталган акция декабрдын аягына чейин созулган. Айрымдары сот отурумдарында эсин жоготсо, башкалары абалы оорлоп кеткендиктен ооруканага жаткырылган.

Кармалгандардын баары Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга өтүшүн ачык сынга алышкан, алар дал ошол ачык айтылган сөздөрү өздөрүн камакка алууга негиз болгон деп келишет.

Активист, саясатчылардын кармалышын бир катар депутаттар айыптап, ал эми Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму Кыргызстандын бийлигинен кармалгандардын баарын бошотууга чакырган.

Башкы беттеги сүрөт Равшан Жээнбековдун фейсбук барагынан алынды.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталуучулардын баш коргоо чарасы эки айга узартылды