Кемпир-Абад иши боюнча айыпталуучулардын баш коргоо чарасы эки айга узартылды

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча жабык тартипте баштапкы укуктуруулар уланып жатат. 14-августтагы отурумда сот бул иш боюнча айыпталып аткандардын бардыгынын баш коргоо чараларын узартты.

«Азаттык» билдиргендей, үй камагына чыккандардын дагы, тергөө абагындагылардын дагы камак мөөнү эки айга узартылды.   

Бул иш боюнча кийинки отурум 27-августка дайындалды.

2022-жылдын октябрында кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берүүгө каршы чыккан 30га жакын саясатчы жана активист кармалган. Күч органдары аларга «Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген айып тагышкан.

Алардын көпчүлүгү негизсиз камалганын айтып ачкачылык жарыялашып, ноябрда башталган акция декабрдын аягына чейин созулган. Айрымдары сот отурумдарында эсин жоготсо, башкалары абалы оорлоп кеткендиктен ооруканага жаткырылган.

Кармалгандардын баары Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга өтүшүн ачык сынга алышкан, алар дал ошол ачык айтылган сөздөрү өздөрүн камакка алууга негиз болгон деп келишет.

Активист, саясатчылардын кармалышын бир катар депутаттар айыптап, ал эми Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму Кыргызстандын бийлигинен кармалгандардын баарын бошотууга чакырган.