Бекешев: Ак үйдүн курулушуна чынында канча акча кетип атканы белгисиз, ал жашыруун

Депутат Дастан Бекешев Министрлер кабинетинин жакында эле белгилүү болгон чечими боюнча пикирин билдирди. Аталган чечимге ылайык, Бишкекте 25 гектар жер президенттик администрациянын жаңы имаратын куруунун ордуна жеке компаниянын меничгине өтүп жатат. Бул тууралуу эл өкүлү өзүнүн Телеграм каналында жазды. 

Анын айтымында, элдин жери жеке курулуш компаниясына берилди, анын ордуна фирма жаңы административдик имарат куруп берет.  

«Башталган курулушка, “Ысык-Көл” мейманканасын түрттүрүүгө бюджеттен канча каражаткан кеткенин дагы биле элексиңер, — жүрөгүңөр кармап калмак. Силердин саламаттыңарды ойлошуп, [жаңы] Ак үйдүн курулушуна чынында канча акча кетип атканы тууралуу маалымат жашырылган», — деп жазды депутат. 

Бекешев «мамлекеттик аппаратка ыңгай түзүп берүү жана бир жеке менчик компаниянын кирешеси коомдук кызыкчылыктан жогору туруп калган экен» деп эсептейт. Ошондой эле эле өкүлү аталган жерге шаарда жетпей аткан парктарды, скверлерди, мектептерди, көп кабаттуу унаа токтотуучу жайларды жана башка коомдук жайларды салууга болмоктугун кошумчалады.  

«Ак үйдү курууга бюджеттен акча бөлүнө баштаган соң, курулушту үндөбөгөн салык төлөөчүлөрдүн эсебинен уланта беришпейт беле, шаардыктардан жер кесимин жашырынып алып жаткан белгилүү бир компания үчүн ар кандай схемаларды ойлоп таап отурбай. Салык төлөөчүлөргө ошол эле парктарды айтып кутулуп кетишет эле да. Бирок салык төлөөчүлөрду уруп да ойношкон жок: коомдук жерлерди түшүнүсүз бир компанияга берип, акчаны мектеп жана бала бакчаларга жумшагандын ордуна Ак үй курууга коротушту», — деп сөзүн жыйынтыктады Бекешев. 

Жерди менчикке өткөрүп берүү жөнүндөгү токтомго минкабдын башчысы Акылбек Жапаров 4-августта кол койгон

Документте «Иншаат строй билдинг» курулуш компаниясы менен Бишкектин Чыңгыз Айтматов проспектиси, 301 дареги боюнча жаңы имаратты курууга келишим түзүлөрү айтылат. Ал эми компания жалпы аянты  25 гектарды түзгөн үч участокту алган. 

«Иншаат строй билдинг» имаратты аталган жер участокторунун рыноктук наркына эквиваленттүү болгон суммага куруп бериши керек. 

Президенттин администрациясынын жаңы имараты сүрдүрүлгөн «Ысык-Көл» мейманканасынын ордуна салынып жатат. Имараттын курулушуна 2022-жылдын апрелинде Жапаров өзү барып капсула салган

Анда ал имараттын курулушуна бюджеттен акча бөлүнбөсүн, объект Президенттин иш башкармалыгынын карамагындагы 16 гектар жерди «алмашуу» жолу менен курулат деп билдирген.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев президенттик администрациянын жаңы имаратын куруу — «Кыргызстандын аброюна тийиштүү маселе» деп билдирген. Анын айтымында, эми кандай гана чет элдик делегация болбосун аларда ал жерде кабыл алууда «уят болбойт».

Июлдун орто ченинде президент имаратты сентябрга чейин бүткөрүп, октябрда ал жерде КМШ президенттери катышкан саммитти өткөрүү пландалып жатканын айткан.