Минкаб жаңы Ак үйдү кура турган компанияга дээрлик 26 га жерди менчикке өткөрүп берди

Министрлер кабинети президенттин администрациясынын жаңы имаратын кура турган компанияга Бишкектен 25, 7 гектар жерди менчикке өткөрүп берди. Тийиштүү токтомго 4-августта минкабдын башчысы Акылбек Жапаров кол койду.  

Анда «Иншаат строй билдинг» курулуш компаниясы менен Бишкектин Чыңгыз Айтматов проспектиси, 301 дареги боюнча жаңы имаратты курууга келишим түзүлөрү айтылат. Компанияга төмөнкү жер участоктору өттү:

  • Абсамат Масалиев көчөсү, 22. Жалпы аянты: 18.18 га;
  • Алиаскар Токтоналиев көчөсү, 165. Жалпы аянты: 4.88 га;
  • Аалы Токомбаев көчөсү, 1/9. Жалпы аянты: 2.71 га.

«Иншаат строй билдинг» имаратты аталган жер участокторунун рыноктук наркына эквиваленттүү болгон суммага куруп бериши керек. 

Эгер курулуш иштердин наркы аталган жер участокторунун базар баасынан ашып кетсе, Президенттин иш башкармалыгы айырманы жабыш үчүн кошумча каражат табышы керек болот. Ал эми эгер жер тилкелердин рыноктук наркы курулуштун наркынан ашып кетсе, ортодогу айырманы «Иншаат строй билдинг» төлөп берет.  

Президенттин жаңы имаратынын курулушу. «Клооптун» 23-майда тартып келген сүрөтү.

Президенттин администрациясынын жаңы имараты сүрдүрүлгөн «Ысык-Көл» мейманканасынын ордуна салынып жатат. Имараттын курулушуна 2022-жылдып апрелинде Жапаров өзү барып капсула салган

Анда ал имараттын курулушуна бюджеттен акча бөлүнбөсүн, объект Президенттин иш башкармалыгынын карамагындагы 16 гектар жерди «алмашуу» жолу менен курулат деп билдирген.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев президенттик администрациянын жаңы имаратын куруу — «Кыргызстандын аброюна тийиштүү маселе» деп билдирген. Анын айтымында, эми кандай гана чет элдик делегация болбосун аларда ал жерде кабыл алууда «уят болбойт».

Кийинчерээк президент имаратты сентябрга чейин бүткөрүп, октябрда ал жерде КМШ президенттери катышкан саммитти өткөрүү пландалып жатканын айткан.  

Тема боюнча: «МедиаХабдын» иликтөөсү: Жаңы Ак үйдүн курулушуна кимдер тартылды?

«Көрүмө көтөрө кетпейм. Келечек муун үчүн калат». Жапаров жаңы Ак үйдүн курулушу тууралуу