Бир кадр менен: Садыр Жапаров жумушчу сапары менен Сауд Арабиясына келди

Президент Садыр Жапаров 18-июлда жумушчу сапары менен Сауд Арабияда чоңдугу боюнча экинчиде турган Жидда шаарына келди. 

Аэропорттон Жапаровду Мекканын губернатору Халид бен Фейсал Аль Сауд тосуп алды. Сапардын өзү Сауд Арабиясынын королу Салман бин Абдулазиз Аль Сауддун чакыруусу менен болду.

Садыр Жапаров Жидда шаарында. Сүрөт: Президенттин басма-сөз кызматы. 

Сапардын алкагында Жапаров «Борбор Азия — Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык Кеңеши» аттуу мамлекет башчыларынын биринчи саммитине катышат.

Өлкө лидерлери региондор ортосундагы саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашат. 

Ошондой эле сапардын алкагында Жапаровдун Булуңдагы (Бахрейн, Катар, Кувейт, БАЭ, Оман жана Сауд Арабиясы) араб мамлекеттеринин башчылары менен эки тараптуу жолугушуулары пландалган.

Автору:  Бекмырза Исаков