Бишкекте Рамзан Кадыровду сындаган чечен активисти Мансур Мовлаев кармалды

Бишкектин «Манас» аэропортунда Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын талабы менен активист Мансур Мовлаев кармалды. Бул тууралуу 20-августта укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова Фейсбуктагы барагында билдирди

Анын маалыматына ылайык, Мовлаев УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 21-августта ага карата сот отурумунун өтөрү күтүлүүдө. 

«Кыргыз Республикасы БУУнун мүчөсү, гуманитардык укуктун жогорку принциптерин сактоо жана адамдарды кыйноо, кордоо туруктуу колдонулган өлкөлөргө, анын ичинде Украинада агрессия кылып аткан Орусияга экстрадициялоого жол бербөө боюнча негизги документтерди ратификациялаган. Кыргызстанда адилеттүүлүктү жана  мыйзамдуулукту күтөбүз!» — деп жазды укук коргоочу.

1ADAT оппозициялык кыймылынын өкүлдөрү 20-августта өздөрүнүн YouTube каналында Мовлаевге арналган видео чыгарышты. Алардын айтымында, активист чечен бийлигин сындап жүргөн. Ушундан улам, кыймылдын өкүлдөрүнүн айтымында, чечен бийлиги 2022-жылы Мовлаевди уурдап, түрмөдө мыйзамсыз кармап, кыйнашкан.  

1ADAT’тын өкүлдөрүнүн айтымында, Мовлаев абактан Кыргызстанга качып чыгып кеткен. Оппозициялк кыймыл активист «Манас» аэропортунан Түркияга учмак болгонун, бирок аны Кыргызстандын УКМКсы орус кесиптештерине ФСБнын талабы менен кармап бергенин айтууда. 

1ADAT эгер Мовлаев Чеченстанга экстрадицияланса, өлкө бийлиги анын көзүн тазалайт деп чочулоодо.