Ири мүлк сатып алуу менен кылмыштуу кирешени адалдаган мурдагы айыл өкмөт башчысы кармалды

Кызмат абалынан кыянат пайдалануу жана кылмыштуу кирешелерди адалдаштырууга шектелип Төмөнкү Ала-Арча айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Ш.Н.Ш кармалды. Ал УКМКнын тергөө изоляторунун убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. 

Сүрөт: УКМК

Тергөөнүн маалыматтарга ылайык, ал айыл өкмөт башчысы болуп турганда кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү менен тыгыз байланышта болуп, алар менен байланышы бар компанияларды тендерлерге катыштырып, утууга көмөктөшүп турган. Ал башка компаниялардын өкүлдөрүнө кысым көрсөтүп, коркуткан.   

Ошондой эле экс-чиновник кылмыштуу жолу менен келген акчага бир топ кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү сатып алган. Анын баарын иштин башка фигуранттарына каттаткан. 

«Алар, жер тилкелери — 20, автоунаалар — 29, жеке үйлөр — 6, батирлер — 31,  өндүрүштүк цехтер —5, бетон заводу — 1, соода борбору — 1, спорт комплекси — 1, кум жана шагыл композициялары чыгаруучу карьер — 1, техникалык тейлөө станциялары — 1, унаа токтотуучу жайлар — 3, сарайлар —3, ресторандар — 6. Ошону менен бирге белгилей кетүүчү нерсе, аталган мүлктүн басымдуу бөлүгү Чүй облусунун Аламүдүн районунун аймагында жайгашкан», — деп билдирдиришти УКМКдан. 

Учурда Ш.Н.Ш. тарабынан жасалган башка мыйзамсыз фактыларды аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылып жатат.

Автору: Акылай Курманова