Кыргызстанда биринчи жолу бөйрөк алмаштыруу операциясы ийгиликтүү жасалды

Кыргызстанда ички органдарды трансплантациялоо боюнча биринчи операция ийгиликтүү жасалды. Бул тууралуу 30-августта президенттик администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай операция Бишкек шаарындагы Кыргыз-түрк достугу ооруканасында жасалды.

Оорукана жетекчилигинен мекеме мындай операцияларды «толугу менен ишке ашыра баштаганын, бул үчүн ооруканага квалификациялуу медициналык кызматкерлер тартылып, заманбап медициналык жабдуулар менен жабдылганын» белгилешти.

«Мындан тышкары учурда Түркиядан келген 140 медициналык адис Кыргызстанда эки-үч жыл иштеп, жергиликтүү дарыгерлерди иш жүзүндө үйрөтүшөт. Бул мезгилде ата мекендик адистер тажрыйба топтоп, бөйрөк алмаштыруу операцияларын өз алдынча жасай башташат», — деп айтылат билдирүүдө.

Кыргызстанда гемодиализ алган 2600гө жакын бейтап бар. Алардын ар бирине мамлекет тарабынан орто эсеп менен бир жылдык сеанска жалпы 2,5 миллиард сомго жакын каражат бөлүнөт.

Боор, бөйрөк жана башка ички органдарын алмаштырууга муктаж кыргызстандыктар операция жасатып келиш үчүн адатта чет өлкөлөргө барып келишет. Көбүнесе Түркия же Индияга барышат. Акыркы маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда ички органдарынын бири алмаштырылган 700 адам жашайт, алардын болгону 50сү гана Кыргызстанда операция жасаткан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкектеги кыргыз-түрк ооруканасында бөйрөк алмаштыруу боюнча операция жасала баштайт