Бишкектеги кыргыз-түрк ооруканасында бөйрөк алмаштыруу боюнча операция жасала баштайт

Кыргызстанга 120 түрк дарыгери келди, алар бөйрөк жана башка ички органдарды алмаштыруу боюнча операцияларды жасашат. Бул тууралуу 12-июлда президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.

Анын айтымында, кыргызстандыктар ички органдарын алмаштыруу боюнча операция жасатып келиш үчүн чет өлкөдө өтө чоң акча коротуп келүүгө аргасыз болуп жатканы президент Садыр Жапаровду көптөн бери түйшөлтүп жүргөн.

Орунбеков өлкө башчысы ички органдарды алмаштыруу боюнча операцияларды Кыргызстанда жасап баштоону жолго коюш үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн билдирди.

«Бөйрөк ж.б ички органдарды алмаштыруу операциялары мамлекеттик кыргыз-түрк “Достук” клиникасында жасалат. Тийешелүү заманбап лабораториялары даярдалууда. Ушул жылдын август айында биринчи жолу Кыргызстанда бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалат. Мисалы, Белоруссияда бөйрөк алмаштыруунун чыгымы 65 миң, Түркияда 25 миң долларга бааланса, Бишкекте болжолдуу чыгымы 7 миң доллардын тегерегинде болот», — деп билдирди Орунбеков.

Ал түрк врачтары кыргыз кесиптештери келечекте бул сыяктуу операцияларды өз алдынча жасай башташы үчүн тажрыйба бөлүшүшөрүн кошумчалады.

Боор, бөйрөк жана башка ички органдарын алмаштырууга муктаж кыргызстандыктар операция жасатып келиш үчүн адатта чет өлкөлөргө барып келишет. Көбүнесе Түркия же Индияга барышат. Акыркы маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда ички органдарынын бири алмаштырылган 700 адам жашайт, алардын болгону 50сү гана Кыргызстанда операция жасаткан.

Кыргызстандык дарыгерлер 2018-жылдын майында бөйрөк алмаштыруу боюнча биринчи жолу өз алдынча операция жасашкан. Ага чейин бул сыяктуу операциялар чет элдик врачтардын катышуусу менен жасалып келген.

Башкы беттеги иллюстрациялык сүрөт: Саво Превелич / RFE/RL.