Кыргызстандын Маданият министрлиги TikTok соцтармагын бөгөттөөнү чечти

30-августта Маданият министрлиги белгилүү социалдык түйүн TikTok’ту Кыргызстанда бөгөттөөнү көздөп жатканын кабарлады.

Мындай чечимге «бир катар бейөкмөт уюмдардын TikTok социалдык тармагынын балдардын психикалык өнүгүүсүнө жана ден-соолугуна тийгизген терс жана зыяндуу таасирине байланыштуу тынчсызданган кайрылуулары» негиз болгон.

Министрлик жүргүзгөн мониторингге ылайык, TikTok’ту колдонууда «балдардын өнүгүүсүнө, ден-соолугуна зыян келтирүүчү маалыматты чектөө жана курактык категорияны көзөмөлдөө функциялары киргизилбей жатканы» аныкталган.

Ал арада KaktusMedia басылмасы Маданият министрлигине кайрылган уюмдардын тизмесин жарыялады:

  • «Калктын аялуу топторун өнүктүрүү жана коргоо борбору» коомдук фонду;
  • «Ак-Жүрөк» кризистик борбору;
  • Оштогу «Аялзат» айымдардын демилгеси борбору;
  • Бейөкмөт уюмдардын аймактык альянсы ассоциациясы;
  • Майыптыгы бар балдардын ата-энелеринин «Нурзаман» коомдук бирикмеси;
  • «Үй-бүлө ар бир бала үчүн» коомдук бирикмеси;
  • «Балалык институту» коомдук фонду;
  • «Адам, мыйзам, коом» коомдук фонду;
  • «Өнөр кенчи» коомдук бирикмеси;
  • «Медиа Форум» коомдук бирикмеси;
  • «Ишкердик чөйрөдөгү аял лидерлердин ассоциациясы» коомдук бирикмеси;
  • «Майыптыгы бар аялдардын республикалык көз карандысыз ассоциациясы» коомдук бирикмеси;
  • «Ансар Керемети» коомдук фонду;
  • «Менин үй-бүлөм» коомдук фонду;
  • «Баяжан» комдук бирикмеси;
  • «Эне үнү» коомдук фонду;
  • «Бабушка Эдопшн» фонду;
  • «Кайрым» коомдук фонду;

TikTok’ту бөгөттөө сунушу

Кыргызстанда TikTok’ту бөгөттөө боюнча сунуш буга чейин бир нече жолу айтылган. Алгач тыюу салууну өткөн жылы депутат Надира Нарматова сунуштаган.

Үстүбүздөгү жылдын башында болсо депутатар Шайлообек Атазов менен Таалайбек Масабиров TikTok’тун ишин «көзөмөлгө алуу керектигин» айтып чыгышкан. Алар соцтүйүн жаштарга «терс таасир берет» деп эсептейт.

Кыргызстанга коңшу өлкөлөрдө TikTok’тун ишине расмий бөгөт коюлган эмес. 2021-жылы гана Өзбекстанда видеосервис жарым жылга бөгөттөлгөн. Буга «Жеке маалыматтарды коргоо жөнүндөгү» мыйзамдын бузулушу себеп болгон. Бирок 2021-жылдын декабрында соцтүйүн кайрадан иштей баштаган.

Ал эми Франция, Нидерланды жана Норвегия TikTok’ту мамлекеттик кызматкерлердин колдонуусуна тыюу салган. Буга аткаминерлердин купуя маалыматтары ачыкка чыгып кетиши мүмкүн деген кооптону негиз болгон.