«Реформа» саясий партиясы Бишкек шаардык прокуратурасынын «Клоопту» жабуу талабын койгон доо арызы боюнча билдирүү таратып, прокуратуранын басылманы жабуу арызын «Кыргызстанда сөз эркиндигин укумуштуудай чектөө аракети жана жарандардын маалымат алууга укуктарын бузуу болуп эсептелет» деп билдирди.
«Көз карандысыз ЖМКны жабууга бийликти сындаганы себеп экенин уялбастан эле айтып жатышат. Бир да президенттин тушунда мынчалыкка барышкан эмес», — деп айтылат «Реформанын» билдирүүсүндө.
Партия бийликке сын айтуу — ар бир жарандын ажырагыс укугу экенин, ал мыйзам бузуу болуп эсептелбесин жана эч нерсе менен чектелбеши керектигин кошумчалашты.
«Коомго “Клооптун” репортаждары эмес, бийликтин Кыргызстандагы сөз эркиндиги менен көз карандысыз прессаны ооздуктоо үчүн жасап аткан тынымсыз аракеттери түздөн-түз таасир этип, алардын келечекке болгон үмүтүн жана дүйнөлүк коомчулуктун алдында Кыргызстандын эл аралдык абройун жоготуп жатат», — деп билдиришти партиядан.
Сөзүнүн аягында «Реформа» бардык саясий күчтөрдү, активисттер менен жарандарды «Клоопту» жабууга каршы пикирин билдирип чыгууга чакырды.
«Клоопко» каршы доо арыз
Бишкек шаардык прокуратурасы борбор калаанын Октябрь жана Биринчи май райондук сотторуна «Клооп Медиа» коомдук фондун жоюу жөнүндөгү доо арызын берген. Документте доонун себеби катары — «көрсөтүлгөн уставдын алкагынан тыш ишмердүүлүк жүргүзүп жатканы» айтылат.
Арызга ылайык, «Клооп Медиа» ЖМКлардын мамлекеттик реестринде катталган эмес, ал эми уюмдун уставында маалымат жайылтуу ишмердүүлүгү көрсөтүлгөн эмес деп айтылган. Чынында, «жаштарга жана жарандык коомдун башка өкүлдөрүнө социалдык-саясий, экономикалык процесстер боюнча оюн эркин айтууга маалыматтык аянтча түзүп берүү» көрсөтүлгөн.
Ошол эле маалда документтин чоң бөлүгү тап-такыр башка темага — «Клооптун» макалаларынын Кыргызстанга терс таасирин тийгизип жатканына арналган.
Прокурор «Клоопко» дагы кандай айыптарды койгон?
2023-жылдын июнунун аягында прокурорлук кызматка киришкен Эмилбек Абдыманнапов доо арызында бир нече күлкүлүү сөздөрдү жазган:
- Баткен облусунун тургундары «Клооп» жарыялаган материалдардын айынан чет жерге, өлкөнүн башка аймактарына көчүп кетип жатышат.
«Клооптун Баткен облусундагы чек арага жакын аймактарынын социалдык-экономикалык абалына терс таасир этүүсүнүн кесепети болуп ал жакта ички жана тышкы миграциянын агымы азайбай жатат деген жагдайы эсептелет».
- «Клооп» «орус улутунун» өкүлдөрүн көтөрмөлөйт дейби же басынтат дейби, айтор.
«[“Клооптун” экспертиза тарабынан изилденген материалдарында] “Кыргыз Республикасынын жарандары орус улутуна салыштырмалуу кемтиги бар деген мазмундагы билдирүүнү пропагандалоочу сөздөр” жана “орус улутундагыларга карата кастыкты козутуучу, басынтуучу мүнөздөгү сөздөр бар”».
- «Клооптун» репортаждарынан кийин окурмандарда «психологиялык бузуулар», «сексуалдык аномалия» жана баңгиге көзкарандылык пайда болот.
«“Клооп” өзүнүн репортаждарында коомго түздөн-түз терс эмоционалдык-психологиялык таасир этет, муну менен адамдардын абдан чоң массасында коркуу, тынчсыздануу, үмүтсүздүк, дүрбөлөңгө түшүү сезимдерин туудурат, дайыма туруксуздукту жана социалдык абалынын белгисиздигин сезип, өздөрүнүн күчүнө ишенимин жана келечегине үмүтүн жоготушат. Акырындык менен руханий жактан чөгүп, аргасыздыкка батып, турмушунун кыйрашын күтүп калышат, [бул] агрессивдүү-кылмыштуу жүрүм-туруму менен социалдык-стресстик психологиялык бузулуулардын өөрчүшүнө, сексуалдык аномалияларга, аддикциянын химиялык жана химиялык эмес формаларына, суициддик маанайларга жана башка социалдык адаптациянын бузулуусуна алып келет».
Кыргызстандын медиа коомчулугу, ошондой эле Эл аралык журналисттерди коргоо комитети (CPJ) да «Клоопту» коргогон билдирүүлөрүн таратышкан.
Алсак, CPJ’нин программалык директору Карлос Мартинес де ла Серна «кыргыз бийлигинин “Клоопту” жабуу арызы — Кыргызстандагы эң курч журналисттик иликтөөнү, анын ичинде алдыңкы мамлекеттик чиновниктердин катышуусундагы коррупцияга байланышкан журналисттик иликтөөлөрдү муунтууга багытталган чектен ашкан жана өтө эле уятсыз аракети болуп саналат» деп айткан.
Ал эми медиакоомчулуктун билдирүүсүндө прокуратуранын «Клоопко» каршы арызы саясий жүйөсү бар чечим жана ал «өлкөдөгү көз карандысыз ЖМКны жок кылуу жана жалпы эле сөз эркиндигин басуу боюнча максаттуу аракеттердин уландысы» экени айтылган.