«Каракчыга кул, жырткычка жем боло жаздадык». АКШга Мексика аркылуу сапар алган мигранттар

«Азаттык» радиосу Америка Кошма Штаттарына Мексика өлкөсү аркылуу визасыз кирүүгө аракет кылган он миңдеген мигранттар жөнүндө фильм жарыялады.      

«Бул тасмада бир нече өлкөнү мыйзамсыз кесип өтүп, маңзат жана адам аткезчилиги менен алектенген кылмыштуу топтордун колуна түшүп, узак жолдун тоодой тобокелдиги менен азап-тозогун тартып, алтургай жакындарынан айрылган окуялар баяндалат», — деп жазды басылма фильмдин алдына. 

Андан тышкары, тасмада АКШда башпаанек алуунун күңгөй-тескейи тууралуу эксперттердин пикири камтылган. 

«Тар жол, тайгак кечүү» 

АКШнын аймагына өтүүнү көздөгөн мигранттар. Мексика. 10-май, 2023-жыл. Сүрөт: Майк Блейк/REUTERS

«Америкага барып башпаанек суроо» кыялын ишке ашырууну максат кылгандар бир нече өлкөнүн чек арасын мыйзамсыз кесип өтүп, акыры Мексиканын АКШга чектеш Рейноса, Тихуана шаарларын тандашат. Азаптын баары ушул жерде башталат. 

Мигранттар маңзат алып өтүү, адам ташуу менен алектенген кылмыштуу топтордун курмандыгы болуп, кээси барымтага түшүп, жакындарынан айрылып, көпүрөнүн алдында түнөп, акчасы жок, кайрымдуулук кылган мечитте тамак жеп жүргөн учурлары дагы бар. 

Ал эми бала-чакасын кошо ала баргандар, каракчылардын тоноосунан кийин балдарынын психологиялык саламаттыгына тынчсызданып жатканын айтып кейишет. 

Ал эми Американын аймагына жөө-жалаңдап, чытырман токойлорду аралап, дарыяларды кечип, тоодой тобокелди башынан кечирип баргандар болсо, «мынчалык азап тартарымды билгенде эки эсе ойлонмокмун» дешет. 

Расмий маалыматтарга караганда, акыркы бир жылда Мексикада дайынсыз жоголгондордун саны 12 миңден ашкан. Алардын канчасы борбор-азиялыктар экени белгисиз. 

Укук коргоочулардын айтымында, «картель» деп аталган мексикалык кылмыштуу топтордун колуна түшүп, кийин дайынсыз жоголгондордун көбү — кулчулукка кабылгандар. Аялдар сексуалдык кулчулукка тартылса, эркектер плантацияларда иштөөгө аргасыз. 

«Баары эле бактылуу жашап кетпейт» 

АКШнын аймагына визасыз кирүүнү көздөгөндөр маалыматты телеграм каналдардан алышат. Анда маршрут чийилип, ар кандай кызматтардын баасы жазылганы менен, алдыда боло турчу кыйынчылыктар тууралуу эч ким ооз ачпайт. 

Фильмде, ошондой эле, орус тилдүү дүйнөдө постсоветтик өлкөлөрдөн келген мигранттарды АКШга ташуу боюнча атаандаш эки топ иштей турганы да болжолдонот. 

Ал эми эксперттер мыйзамсыз миграция канчалык кооптуу экенин кайталап айтып, Америкага жеткен күндө деле «май-көл, сүт-көл жашоо» жок экенин көрүп депрессияга түшүп же кайра артка кеткендер бар экенин кошумчалашат. 

Саясий башпаанек баарына эле бериле бербейт, ал үчүн олуттуу себеп болушу керек. Расмий маалыматтар боюнча, 2022-жылы АКШдан 72 177 имигрант депортацияланган. Быйыл бул көрсөткүч бир нече эсеге көп болору болжолдонууда. 

«Азаттык» өз кезегинде АКШга мыйзамсыз киргендер депортацияланып же камакка алынарын баса белгилеп, фильмдеги айрым аракеттер тобокелчилик менен коштолорун, кайталабоону эскертип өттү.