Ош: АКШ өкмөтү Жапалактагы мөмө-жемиш сактоочу муздаткыч кампага 7 млн сомдук жабдуу алып берди

Сүрөт: АКШнын Кыргызстандагы элчилиги

АКШ өкмөтү Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) аркылуу Оштун Жапалак айылындагы мөмө-жемиш сактоочу кампага дээрлик жети миллион сомго бааланган жабдууларды алып берди. Бул тууралуу 8-сентябрда АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаңы сатып алынган жабдуулар ички жана тышкы рынокко багытталган 300 тоннага жакын мөмө-жемишти тоңдуруп сактоого мүмкүндүк берет. 

«Дыйкандар жана кампанын жумушчулары үчүн экономикалык пайдасынан тышкары, жабдуулар жер-жемишти сактоонун мөөнөтүн узартат. Өз кезегинде, кыргызстандыктарга түшүм мезгили жыйынтыкталгандан кийин дагы мөмө-жемиш жеткиликтүү болот», — жазылат мекеме тараткан маалыматта. 

Кампага орнотулган жаңы жабдуулар 300 дыйкандын кирешесин көбөйтүп, аймакты кошумча жумуш менен камсыз кылары кошумчаланат. 

 ТЕМА БОЮНЧА:

USAID Саламаттык сактоо министрлигине кургак учукту аныктоо үчүн 13 млн сомдук жабдууларды берди

Жалал-Абад: USAID муктаждарга 9 тонна азык-түлүк таратты

USAID саламаттык сактоону колдоо программаларына 4 млн доллар берет