USAID саламаттык сактоону колдоо программаларына 4 млн доллар берет

АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (USAID) саламаттык сактоону колдоо программаларына 4 млн доллар берүүнү пландаштырууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Билдирүүдө Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова 15-февралда USAID’дин администраторунун орун басары Изобель Коулман менен кургак учук, COVID-19, АИВ/ЖИКС менен күрөшүү жана жалпы эле саламаттык сактоо системасын чыңдоо боюнча биргелешкен демилгелерди талкуулаганы айтылат.

«USAID Кыргызстанга жаңы коркунучтардын жана жугуштуу оорулардын чыгышынын тобокелдиктерин азайтуу жана алардын кесепеттери менен күрөшүү үчүн бөлүнгөн каражатка жараша 4 миллион доллар кошумча каржылоону пландаштырып жатат. Бул каржылоо саламаттык сактоо тутумун чыңдоого жана коомдук саламаттык сактоо тармагындагы өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү даярдыгын жогорулатууга жумшалат», — деп билдиришти министрликтен.

Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы.

Баатырова өз кезегинде USAID’ге туруктуу жардамы үчүн ыраазычылыгын айтып, министрлик мындан ары дагы уюм менен кызматташуусун улантат деп ишендирди.

USAID Кыргызстан менен 1992-жылдан бери кызматташып, жалпы эле демократиялык баалуулуктарды жайылтуу, мыйзам үстөмдүгүн камсыздоо, экономиканы өнүктүрүү, саламаттык сактоо жана билим берүү тармагын жакшыртуу, ошондой эле мамлекеттик башкаруу институттарынын ролун чыңдоо жаатында жардам берип келет.