USAID Саламаттык сактоо министрлигине кургак учукту аныктоо үчүн 13 млн сомдук жабдууларды берди

АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Саламаттык сактоо министрлигине кургак учукту аныктоочу 13 млн сомдук заманбап диагностикалык жабдууларды өткөрүп берди. Бул тууралуу 13-июлда министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

USAID жалпы-жонунан диагностиканын жаңы 10 түстүү технологиялуу 29 GeneXpert платформасын сатып алган. Ал кургак учукту жана колдонулуп жаткан дары-дармектерге сезгичтикти эки саатка жетпеген убакта аныктоого мүмкүндүк берет.

Жабдуу Бишкек шаардык кургак учукка каршы ооруканасында, региондордогу баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүү пункттарында, ошондой эле Жалал-Абад, Нарын, Баткен, Талас жана Ысык-Көл облустарындагы кургак учук менен күрөшүү борборлорунда орнотулат.

Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, жабдуулар USAID уюму JSI менен өнөктөштүктө ишке ашырып жаткан «Кургак учукту айыктыруу» беш жылдык долбоорунун алкагында каржыланып, сатып алынган. План боюнча, Кыргызстандагы кургак учукка каршы күрөшүү иштерине 20,2 млн. доллар жумшалат.

Жабдууларды өткөрүп берүү иш-чарасында саламаттык сактоо министринин орун басары USAID уюму маанилүү иш жүргүзүп жатканын белгиледи.

«Кыргыз Республикасында кургак учук менен күрөшүүдө USAID негизги өнөктөштөрдүн бири болуп саналат. Берилген жабдуулар кургак учукка каршы кызматтын натыйжалуулугун жогорулатууга жана бейтапка кыйла багытталгандай болушуна жардам берет», — деди саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева.

Өз кезегинде USAID’дин директорунун милдетин аткаруучу Эндрю Мейбрук агенттик «кургак учукту жоюу үчүн» Кыргызстан менен кызматташуууну уланта берерин белгиледи.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда кургак учук көптөгөн дарыга туруктуу оору деңгээли боюнча дүйнөдө жогорку орундардын биринде турат. Кургак учукту ийгиликтүү дарылоо үчүн мүмкүн болушунча дартты эрте аныктоо жана бейтаптарга дарылоонун алда канча натыйжалуу курсун белгилөө үчүн штаммын табуу маанилүү болуп саналат.

Автору: Медина Шамшидинова.