Жалал-Абад облусунда USAIDдин «Тынчтык үчүн азык-түлүк» программасынын алкагында муктаждарга жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу 19-апрелде «Кабар» мамлекеттик маалымат агенттиги билдирди.
Азык-түлүк балдардын психологиялык-социалдык ооруканасына, карылар үйүнө, кургак учук жана ВИЧ/СПИДге каршы күрөшүү борборлоруна таратылган.
Демилгенин максаты — муктаж жарандардын саламаттыгы үчүн аларды витаминдүү азыктар менен камсыз кылуу.